Кыргызстандын 60 миңдей жараны кулчулукка кабылуу тобокелчилигине туштугат

 Мажбурлап иштетүүнүн түрү эркектер, аялдар арасында гана эмес жаш балдардын, ымыркай наристелердин чөйрөсүндө да жолугат. Сексуалдык кулчулукка кабылган аялдар менен жаш кыздардын тагдыры да аянычтуу.

Ош шаарынын көрсөткүчү боюнча алганда, жергебизге кайтып келген мигранттарга караганда, сыртка чыгып кеткендердин эсеби акыркы жылдары 9%га жогору болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин Ош шаарында өтүп жаткан көчмө жыйында айтылды,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Кыргызстандын жарандары көбүн эсе жумуш издеп Казакстанга, Россияга кетишсе, Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына жол тарткандардын айрымдары сексуалдык кулчулуктун тутукунуна кабылып жаткандыгы кабырга кайыштырат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстандын 60 миңдей жараны кулчулукка кабылуу тобокелчилигине туштугат. Алардын 70%ы -эркектер болсо, 30%ы – аялдар. Жаш курагы боюнча алганда алар эмгекке жарамдуу 18 – 34 жашка чейинкилер болуп саналат. Көпчүлүгүнүн жогорку, кала берсе кесиптик билимдери жок болгондуктан, абдан кыйналышат. Жогорку өлчөм менен төлөнө турган айлык акыны көздөп чет мамлекеттерге чыгып кеткендердин басымдуу бөлүгү алыскы райондордун тургундары.

Өкмөт адам сатуунун кумандыктарына социалдык, медициналык, укуктук жана башка жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик мекеме түзүүсү керек, – деп 2016 – жылдагы комитет чечиминде белгиленген. Бирок, азырынча бул ишти Ички иштер министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги гана көзөмөлдөп келе жатат.

Көчмө жыйынга депутаттар Г.Молдобекова, А.Алтыбаева, А.Самигуллина, Е.Строкова, С.Шер-Нияз, Ж.Акаев жана Ички иштер министрлигинин, Каржы министрлигинин жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Тармактык комитеттин бул жолку көчмө жыйынын өткөрүүгө “Адам сатууга каршы техникалык базаны жана укуктук – нормативдик акыларды бекемдөө багытында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү боюнча” Эл аралык миграция уюму колдоо көрсөттү.

Бишкек /Кабар/

14.05.18.

 kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*