Салянова элге укуктук жардам берүүчү уюм ачат

Аида Салянова.

Аида Салянова карапайым элге бекер юридикалык жардам бере турган долбоор баштаганы жатат. Бул тууралуу экс-депутат “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал “өз укугун жакшы билгендер куугунтукка кабылып жатса, катардагы адамдар жардамга андан бетер муктаж” деп эсептейт:

– Биз го укугубузду, мыйзамды билебиз. Ал эми укугун билбей жабыркаган карапайым адамдар өтө көп. Мен азыр өнөктөштөр менен ошол багытта жакшы жумуш баштадым, элге кеңири жана бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча. Бул социалдык, коммерциялык жана укуктук чоң долбоор болот, – деди Салянова.

Былтыр 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Сот өкүмүндө ал өз жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөшү керек болору айтылган. Кийин ушул эле өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда “мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес” деген айып тагылган.

Аида Салянова соттон акталса депутаттык мандатын кайра кайтарып алышы мүмкүн экенин да айтты. “Юридикалык жактан мындай мүмкүнчүлүк бар” деди ал.

8-майда Жогорку сотто Салянованын көзөмөл арызы карала баштады. Прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранды. Ал эми адвокат Чынара Жакупбекова да, Салянова өзү да күнөө жок экенин, коюлган айып далилденбегенин айтышты.

Кийинки отурум 22-майга белгиленди.

09-май, 2018

https://www.azattyk.org/a/29216444.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*