Майып бала баккан ата-энеге айлык төлөө маселеси талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.

Майып бала баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда каралат.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, комитет мүчөлөрү Жогорку Кеңештин ”Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтомунун долбоорун талкуулашат. Демилгечи – депутат Мирлан Бакиров.

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова буга чейин майып баласын багыш үчүн 6 миң ата-энеге айлык акы төлөп бериш үчүн орто эсеп менен жылына 400 млн. сом керек болорун айткан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 30 миңге жакын майып бала бар. Улуттук статистикалык комитетинин эсебинде, өлкөдө минималдык жашоо өлчөмү 4,9 миң сомду түзөт.

07-май, 2018

https://www.azattyk.org/a/29212272.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*