Жарандык топ майып балдардын жолун ачты

Майып балдар үчүн уюштурулган класстар.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн компьютердик курстар “LEAD Aliance” жарандык тобунун демилгеси менен февраль айында башталган. Ал 28-апрелде аяктап, Бишкек жана Ош шаарларындагы жыйырмадан ашуун улан-кызга сертификаттар тапшырылды. Курстардын катышуучусу, буту баспаган тубаса майып Айжамал эми үйрөнгөн өнөрүн пайдаланып ишке орношкону жатканын айтып сүйүнүп жаткан кези:

Айжамал.
Айжамал.

– Мен бул долбоорго катышканыма абдан кубанычтамын. Окуумдун аркасы менен абдан көп нерсени өздөштүрдүм. Буюрса эми ишке орношкону жатам. Азыр мага бир кеңседе катчы болуп иштөө жөнүндө сунуш түшүп жатат.

Бишкекте билим алган 11 баланын алтоо Сокулук районундагы майып өспүрүмдөрдү айыктыруучу борбордон тандалып алынган. Алардын ата-энелерине да тикмечилик, наабайчылык жаатында кошумча адистиктер берилди. ДЦП дартынан жабыркаган 14 жаштагы Тилектин апасы Нургүл курстарга келгенден бери уулунун көңүлү ачылганын айтат:

Уулум ушул курстарга келе баштагандан бери көңүлү ачылып, сүйүнүп калды.

– Менин уулум ушул курстарга келе баштагандан бери көңүлү ачылып, сүйүнүп калды. Күнүгө эртең менен “окууга барам” деп даярданып, аябай дилгирленип чыгат. Бул сыяктуу окуу, курстар дагы болуп турса биздин балдарга жакшы болмок. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык айтабыз.

Социалдык курстарды уюштургандарга жардам иретинде аларга Бишкектеги эң мыкты программист мугалимдер сабак өтүштү. Алардын бири, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин информатика кафедрасынын жетекчиси Жанна Баракова бүтүрүүчүлөрдү чын дилинен куттуктады:

– Кыска убакыт ичинде балдарга компьютерде текст тергенди, “Exel” программасында таблица түзгөндү үйрөттүк. Ошондой эле Интернетти колдонгонду да өздөштүрүштү. Эң эле жакшысы – булар кибер коопсуздук эмне экенин, сайттарды туура ачууну билип алышты. Балдар аябай жөндөмдүү, дилгир экен. Биз айткан ар бир нерсени илип алып, сабакты болушунча жакшы окуганга аракет кылышты.

Курстарды уюштурган “LEAD Aliance” тобунун жетекчиси Айнагүл Абдрахманова бүтүрүүчүлөрдүн мындан ары да компьютердик технология жаатында окуу жайларда билим алышына көмөк көрсөтөөрүн билдирди:

Айнагүл Абдрахманова.
Айнагүл Абдрахманова.

– Долбоордун эң негизги максаты – балдарды IT-академияга даярдоо болчу. Анткени ошол окуу жай буларга стипендиялык орундарды бермек. Анан биз 5-6 киши чогулуп, долбоор жазып, каражат таап окута баштадык. Жалаң эле компьютердик сабатын ачпастан, жеке инсандык сапаттарын өнүктүрүүчү чакан мотивациялык семинарларды өткөрүп, Интернетте, социалдык тармактарда иш алып барууну, “Youtube” каналын иштетүүнү, айтор үйдө отуруп алып эле акча табуунун, коомго аралашуунун жол-жоболорун үйрөттүк. Эми муну менен эле чектелип калбай, бул балдарга насаатчылык кылууну да киргизсекпи деп жатабыз. Анткени биз долбоордун айынан балдарга байланып калдык окшойт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 178 миңге жакын майып адам болсо, алардын 29 миңи балдар. Кыргызстанда майыптарды ишке орноштуруу, билим алуусу көйгөйлүү маселелерден болуп келет.

Бактыгүл Чыныбаева
30-апрель, 2018
https://www.azattyk.org/a/disabled_youth_computer_education_kyrgyzstan/29199055.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*