Чолпон-Ата шаарында майып адамдар жасаган буюмдар көргөзмөгө коюлду (фото)

Чолпон-Ата шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жасаган буюмдар көргөзмөгө коюлду, деп билдирет аймактык кабарчы. Көргөзмөгө катышкандар шаардын тургуну Мира Жакшылыкованын «Жүрөктөн жүрөккө» аталышындагы долбоорунун алкагында жарым жыл бою жүндөн, кийизден түрдүү буюмдарды жасоону чеберлерден үйрөнүшкөн.

Эми алардын ар бири кол өнөрчүлүк менен алектенип, акча каражатын табууга мүмкүнчүлүк алышты. Долбоордун алкагында уюштурулган көргөзмөгө кийизден жана жүндөн жасалган буюм-тайымдар коюлган.

Turmush 

25.04.2018

http://www.turmush.kg/news:344445/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*