Кечээ, 23-апрелде Талас районунун Талды-Булак айылында майыптар үйүндөгү адамдарга жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук марафон өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга иш-чаранын уюштуруучусу Эмилбек Торжуков билдирди.
Анын айтымында, топтолгон азык-түлүктөр, кийим-кечелер балдар үйүнө жана майыптар үйүнө тапшырылды. Калгандары Талды-Булак айылындагы жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылды.
Андан тышкары 1 жылкы, 1 кой союлуп, эти элге таратылды.
Turmush
24.04.2018
http://www.turmush.kg/news:344339
Leave a Reply