Алыш-беришти мыйзам чегинде документ аркылуу жүргүзүү керек (Адвокаттын блогу)

Ибраимжанова Айнура Сапарбаевна, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

 

Күндөгудөй эле жумушта олтурсам он чакты аял-эркектер топтолуп мага юридикалык кеңеш алуу үчүн келиптир. Мен аларды баарыңыздар бир кеңеш аласыздарбы? деп таң калып сурасам “ооба” деп жоп беришти. Келгендердин баардыгы алыскы тоолуу Алайдын  бир айылынын тургундары экен. Өздөрү карапайым, көпчүлүгү эч жерде иштебегендер  арасында  пенсионерлер да бар. Алардын айтуусунда жыл башында өздөрүнө айылдаш келин бир 45-жаштардагы сиңдисин ээрчитип келип элди чогултуп жыйын өткөрүшкөн. 45-жаштардагы Элмира (аты өзгөртүлдү) аттуу аял кымбат баалуу автомашинаны өзү айдап келген, кийген кийими да өзгөчө көрүндү. Ал ал жерге топтолгон айылдын тургундарына – “Мен чоң кызматта иштеймин, Алайлык туугандарыма  Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн квартираны бекер алып беремин жана Оштон жер участогун бөлүп беремин, силер балдарыңардын келечегин ойлосоңор  тез аранын ичинде тизмеңерди түзүп  акча топтоп бергиле. Ош облусу боюнча  кызыккан адамдар өтө көп, мен силерди ойлоп, силерге чоң жардам көрсөтөйүн  деп аракет кылып жатамын” –  деп  ар кандай ишеничтүү сөздөрдү сүйлөп бал тилге салып чогулган элди  100 эмес 200% га ишендирип, эки жуманын ичинде кайра келе тургандыгын айтып кеткен экен. Эл сүйүнүп  Элмиранын сөздөрүнө ишенип,  тез аранын  ичинде  болгон малдарын арзан баада шашылыш сатып 20 чакты адам тизме түзүп, ар бир түтүн 30-70 миңге чейин акча топтоп ал айткан күнгө  даярдап беришкен. Эч кандай документ түзүлгөн эмес. Эльмира акчаны алып 3-ай чейин элге жер участогун жана үй алып берем деп убада берип кеткен, бирок ушул күнгө чейин эч ким эч нерсе алган жок. Элмира ушул күнгө чейин үстөкө-босток куру убада берип келатат. Кеңеш алганы келгендердин баары куру убадалардан тажап айласы кеткенде гана келгендиктери түшүнүктүү  эле.

Аларга бул Элмиранын алдамчылык  фактысы боюнча  кылмыш ишин козготуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылуусу керек экендиктери боюнча кенеш берилди. Натыйжада Элмиранын үстүнөн  19-факты боюнча кылмыш иши козголду, ал эч жерде иштебеген алдамчы аял экендиги билинди. Жабырлануучуларга келтирилген чыгымдар тергөө учурунда жарым-жартылай кайтарылып, бүгүнкү күндө алдамчылык кылган Элмиранын кылмыш иши соттун кароосунда.

Кантип тааныбаган адамга анын сөзүнө ишенип акча же болбосо мүлкүн беришет?

Эмнеге  тийиштүү документтерди түзүүнү талап кылышпайт?

Кимдир бирөө менен  алыш-бериш мамиле кылууда  тийиштуу мыйзамдуу документтерди түзүүнү талап кылуу зарыл экендигин элге жеткирүү керек.

25.04.2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*