Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айлык төлөөгө 470 миллион сом керек

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айлык төлөөгө жылына 470 миллион сом керек.

Эсептөөнү каржы министринин орун басары Алмаз Азимов берди.

Анын айтымында, өлкөдө 6 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген бала өз алдынча аракеттене албайт.

Аларды карап жаткан ата-эне иштебестен, үйдө отурууга аргасыз.

Мамлекет аларга 4 миң 790 сомдон айлык төлөө ниетинде.

Мыйзам долбоор эмки жылы күчүнө кириши мүмкүн.

23.04.2018

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айлык төлөөгө 470 миллион сом керек

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*