Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Д. Иманов атындагы орто мектепте майып балдар үчүн атайын класстар ачылды.
Жети-Өгүз районунун билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык атайын класстарда балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Андан тышкары кошуна айылдардан келген балдар үчүн кичиавтобус иштеп жатат.
Ата-энелер балдары менен чогуу мектепке келип, мугалимдерге жардам беришүүдө. Ата-энелердин айтымында мындай класстын ачылышы балдардын өсүп өнүгүүсүнө жакшы салымын берүүдө.
http://bugupress.kg/kabar/2149/
Leave a Reply