Тагдыр: Тубаса майып таяке-жээн Ысык-Көлдү кыдырып, концерт коюшту (фото)

Түп районунда көздөрү боюнча тубаса майып таяке-жээн — 23 жаштагы Аскар Жекишов жана 15 жаштагы Ислам Сыдыков «Дайыма жашоо керек үмүт менен» аттуу концертин тартуулашты.

Булар менен чогуу жүрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Аскардын атасы, Исламдын таятасы Кылычбек Жекишовго кайрылганда ал төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул эки жигиттен башка 25 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар «Дайыма жашоо керек үмүт менен» аттуу фондду түзгөнүбүзгө 3 жыл болду. 3 жыл ичинде ар кандай иш-чараларга катышып, жеңиштерди жаратып келебиз. Көптөгөн конкурс-фестивалдын жеңүүчүсү, эки жолу баш байгенин ээси болдук. Акыркы жолу Москвада «Белый трость» фестивалына катышып келгенбиз. Нарын, Чүй облустарын кыдырып бүтүп, Ысык-Көл облусунун Түп районун кыдырып жатабыз. Эми Ак-Суу району эле калды. Аны бүткөндөн кийин Түркияга конкурска катышууга даярданабыз», – деди.

Turmush 

16.04.2018

http://www.turmush.kg/news:343814

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*