Коомдон алыс калган аутисттер

Апрель айы аутизм боюнча маалымат жайылтуу айы катары белгиленген. Анткени мындан бир канча жыл мурда коомчулуктун аутизм боюнча маалыматы жок болгондуктан, түшүнбөстүктөр көп болуп келген. Жада калса, дарыгерлер так диагнозун кое алышкан эмес. Чын эле аутизм деген эмне, анын кандай белгилери бар, аутист баласы үчүн кесибин алмаштырган ата-энелер боюнча төмөндөгү материалдан баяндайбыз.

“Менин балам көзүмө карабай, башка нерселер менен алек болуп, такыр ойночу эмес. Дудуктардай сезилчү”.

Бул Миргүл Данкаева. Баласынын аутизмге чалдыкканын 3 жашында билишкен. Ал кезде аутизм боюнча коомчулукта түшүнүк аз болгондуктан, диагнозду дарыгерлер да кое алышкан эмес. Баласынын кыял-жоругун, жүрүм-турумун аутизмдин белгилерине окшоштуруп, күмөн санаган.

“Кечээ, автоунаалардын астына чуркап кетчү эле. Сөз укпачу. Өзүнө жаккандай иш кылат эле”.

Тилекке каршы мындан 5-10 жыл мурда коомчулукта аутизм боюнча маалымат жокко эсе болгон. Аутизмге чалдыккан балдарга жардам берүү да суроо бойдон калган. Мындан улам ата-энелерден чогулган топ “Колдон колго”(“Рука в Руке”) бириккен уюмун түптөшкөн. Андан бери бул уюмда аутизмге кабылган балдар менен ата-энелер сабактарды алып, физикалык жактан дени сак, бирок, жүрүм-туруму өзгөчө, коомго кошулуудан кыйынчылык жараткан балдарды тарбиялап келишет. Аталган уюмдун өкүлү Чолпон Узакбаеванынайтымында бул абалга медицина азыркы күнгө чейин так аныктама бере элек. Андыктан дарыгерлер баланы коомго кошуунун жолу ага үйрөтүү менен болорун айтышат. Мындай балдар учурда “Колдон колго” уюмунун каттоосунда 400дү ашат.

-Азыркы күнгө чейин илим бул абалдын себебин так аныктай элек. Окумуштуулар генетикалык мутация деп айтышат. Бирок ушуга байланыштуу 500 ген табылган. Бирок кайсынысы өзгөчө тиешелүү экени белгисиз. Генетикалык оору десе көпчүлүк бул оору тукум кууйт деп ойлойт. Ал андай эмес.

Бул балдар физикалык жактан дени сак көрүнгөнү менен, өзүн-өзү алып жүрүү жагынан башкача. Мындан улам ата-энелер сыртка чыкканда, көчөдө жүргөндө элдин башкача көз карашына кабыларын жашырышпайт. Баласы үчүн кесибин алмаштырган мурдагы экономист Миргүл Данкаева азыр уюмда логопед болуп иштейт. Мындай балдарды мектепке алуу кыйынчылык туудургандыктан аларды мектепке даярдайт.

Азыр балдарда өзгөчөлүк бар. Башында 15 мүнөт араң көңүл коюп отурушса, азыр кадимкидей 40 мүнөт сабакта отургандай болуп отура алышат. Бирок аларды буга көндүрүүдө өзгөчө методдор керек. Мисалы сүрөттөр менен кызыктыра албай калсак, видео көргөзөбүз. Негизи бул балдарды көндүрүүдө алардын айтканына эмес, бир нерсени туура суроону үйрөтүш керек. Маселен, бала ыйлап момпосуй алам десе, дароо алып бербеш керек. Анда ал ыйласам алып берет ойлоп калат. Ошого көнүп алат.

Чыдамы аз же тескерисинче бир нерсени улам-улам жасай бергенден тажабаган мүнөзгө ээ өзгөчө балдарды сөзсүз түрдө бирөө коштоп жүрүш керек. Терминология боюнча алар тьютор деп аталат. Алардын саны Кыргызстанда аз. Көбүнчө ата-энелер ыкмасын үйрөнүп өздөрү коштоп жүрөт. Айгерим Саркеева студент кезинде уюмда иштөөгө кызыгп келген. Кийинчерээк балдар менен иштеген жагып, учурда өзү менен чогу чоңойгон балдардын ийгилигин көрүп сүйүнөт.

-Бул балдар менен иштеген кызыктуу. Алардын азыр мектепке барып калганын көруп сүйүнөм. Негизи мен Умар деген бала менен иштедим. Ал аябай жоош бала эле. Балдарга кошулуусу кыйын болчу. Анан мен бала бакчага алып барганда башка балдарга Умарды чакыргыла деп суранып кошчу элем. Бир жолу жолдо баратып автоунаанын астына чуркап ийген. Ошондо катуу коркуп калгам.

Учурда аутизмге чалдыккан балдарга жардым берүү боюнча өлкө аймагында 5 уюм бар. Бирөө Ош шаарында жайгашкан. Адистер белгилешкендей, бул балдарды күнүмдүк көндүмдөргө сабырдуулук менен үйрөтүп, коомго кошо алса, булардан мыкты сүрөтчүтак илимдер боюнча мыкты илимпоздор чыгарын тарых тастыктаган.

Бурулай Шергазиева
12th, 2018 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*