“БАСА АЛБАЙСЫҢБЫ – ҮЙДӨ ОТУР!”. КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МАЙЫПТАРДЫН ТУРМУШУ

Коомчулуктун көңүл коштугу, сексуалдык ыдык жана үй-бүлөдөгү басым. Мүмкүнчүлүгү чектелүү кыздардын “Назик кыз” коомдук бирикмесинин ыктыярчысы Назгүл Кулова Кыргызстанда майыптар кантип жашап жатканы тууралуу “Ынтымактын” өнөктөшү –  “Мейкин Азия онлайн” басылмасына айтып берди.

Назгүл Кулова диксриминациядан арылбаган адамдар менен бир жылдан ашык убакыттан бери күн сайын баарлашат. Жыйынтыгы деле алдын ала белгилүү – ызаа кылган кишини эч ким жазалабайт.

Коомчулук майыптардын жүрөк ооруткан окуяларын соцтармакта бөлүшүп, колдоо иретинде “лайк” басууга гана даяр. Мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр менен түз баарлашуу адатта артынан шыбырашуу, кесе тиктөө менен чектелет. Коомчулукта майыптарга болгон мамилени жаман дегенге болбойт, мамиленин өзү жок: биз алар тууралуу интернетте кайсы бир майыптын жашоосу тууралуу кайгылуу окуя жарыяланганда гана эстейбиз.

Буга жакында эле “Манас” эл аралык аэропортундагы арабачан кыздардын окуясы мисал. Алар Ошко бет алышкан эле. Назгүл кыздарды коштоп жүргөн.

– Мен Air Manas авиакомпаниясынын өкүлүнө барып, арабадагы кыздарга жардам керек дедим. Мындагылар  аэропорт кызматкерлерине чалып, аларды жардамга жиберди. Бизде төрт баштык бар эле. Аэропорт кызматкерлери ылдый түшүп, арабадагы кыздарды гана сүйрөшө турганын, ушул жагына гана жооптуу экенин айтышып, баштыктарды кыздар өздөрү жеткириши керек дешти. Мен авиакомпаниянын кеңсесине кайрадан чыгып, абалды түшүндүрүп, балдарды жардамга чакырдым. Авиакомпаниянын өкүлдөрү (жапжаш беш жигит) бул алардын милдетине кирбей турганын билдирип, “кыздар баштыктарын буттарына коюп алсын”, – деп жооп беришти.

Мен аларга: “Алардын буттары иштебейт. Баштыктарды жеткиргенге бир адамды бөлүү ушунчалык кыйынбы?” десем, “ар биринин коштоп жүрүүчүсү болуш керек эле”, – деп жооп кайтарышты. “Коштоп жүрүүчүлөрү жок болсо, үйдө отурушсун!” дешти Air Manas кызматкерлери”, – деп нааразы Назгүл Кулова.

“Манастагылар” жүргүнчүлөргө кам көрүү – аэропорт кызматкерлеринин иши эмес, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жардам берүү билет саткан авиакомпаниянын мойнунда деп түшүндүрүштү. Кантсе да аба майдан кызматкерлери кийин бардык баштыктарды каттоо жайына өздөрү жеткиришкен. Air Manas өкүлдөрү болсо бөлмөсүнөн чыгып койгон жок.

Air Manas кызматкерлери “Мейкин Азия онлайнга” комментарий берип жатып, өз кылгандарын эл аралык аэропорт менен түзүлгөн келишимге шылташты. Ал документ боюнча атайын окутулган адистер мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жардам бериши керек эле.

“Назгүл Кулова биздин авиакомпаниянын кызматкерлерине кайрылган, алар кайрылууну дароо “Манас” эл аралык аэропортунун тиешелүү кызматына жеткиришкен. Дал ушул иш гана биздин жумушчулардын кызматтык милдетине кирет. Жыйынтыгында баштыктарды жеткирүүгө аба майдандын жооптуу кызматы жардам берген”.

Авиакомпаниядагылар жаңы эрежелер боюнча (2016-жылдын 27 январынан) “майыптык арабадагы жүргүнчү коштоп жүрүүчүсү менен гана уча алат” дешти.

“Ошентип, коштоп жүрүүчү адам жүргүнчүнү каттоого чейин гана жанында жүрсө, ал жүргүнчүнү ташууга жардам берет. Ошол эле маалда авиакомпания өкүлдөрү кызмат ордун таштап кете албайт же аэропорттун айрым аймактарына киргизилбейт. Экинчи жагынан жүргүнчүгө кошумча жардам көрсөтүү боюнча бизге алдын ала билдирүү түшсө, биздин авиакомпания аэропорттун тиешелүү кызматтарынын колдоосу менен жардам уюштура алат. Мындай билдирме бизге түшкөн эмес”, – деп түшүндүрүштү авиакомпания өкүлдөрү.

Назгүл Кыргыз аэронавигациянын жетекчилигине арыз менен кайрылды. Эгер авиакомпаниянын күнөөсү далилденсе, алар 2-5 миң сом айып төлөшү мүмкүн.

Дагы бир окуя. Назгүл кыздардын дагы бир тобун Ысык-Көлдөн Бишкекке жөнөтүп жаткан. Атайын маршрут жалдап, айдоочуга акысын төлөгөн. Бирок шоопур жолго бир досун ээрчитип, дагы бир жүргүнчүнү салып алды.

– Кийин айдоочу менен жолоочу биздин сапарды тозокко айлантты. Биринчиден, арабаны сындырышты. Анан радионун үнүн катуу чыгарып коюшту. Кулак жарган эки сааттык музыкадан кийин кыздардын башы ооруй баштады, мен үнүн акырандатууну сурандым. Шоопур көңүл буруп койгон жок. Мен аябай көп сурандым.

Кийин маршрутта тамеки жыттанды, бир кызыбыз өзүн жаман сезип кетти.

–  Айдоочу чегип атат деп ойлогом, көрсө жолдон салып алган жолоочу кыз тамеки тартып жатыптыр. Мен андан тамекисин ыргытууну сурандым, ал “таштабайм” деп жооп берди. Маршрутту мүмкүнчүлүгү чектелүү кыздар үчүн атайын жалдаганыбызды айтып, түшүп кал дедик. Ал атайылап тамекисин таштабай чеге берди, мен колунан жулуп ыргыттым. Айдоочу мага кыйкырып, мени кууй баштады: “Түшүп кал, сени мындан ары алып кетпейм” деди. Кыздар: “эмне деп жатасыз? Ал бизди коштоп жүрөт” дешти. Албетте, мен түшүп калган жокмун. Макул деп жол уладык. Айдоочу эми атайылап музыканы катуу коюп, тамекисин жандырып, жанындагы кызга да сунуштады. Бир нерсе дегенден пайда чыкпай турганын көрүп турам, экөө менен мушташмак белем. Кыздар алардан “бул жерде оорулуу адамдар отурат, тамекинин таштаңыздар” деп суранышты. Бирок шоопур менен жолоочу кыз ого бетер түтөтүп чеге беришти.

Айдоочу Ильгиз болсо окуя боюнча өз версиясын айтып берди.

– Катуу музыкага Назгүл гана каршы болду. Башкалар тынч эле баратышкан. Биз эч нерсени сындырган эмеспиз. Ооба, жолоочу кыз чын эле тамеки жандырды, бирок кыздардын өтүнүчүнөн кийин дароо ыргытып, башка чекпеди, – дейт ал.

Арабада отурган кыздардын бири Айгүл болсо айдоочу менен жолоочу чындап эле өзүнүн  начар жүрүм-турумун көрсөтүшкөнүн айтты.

– Унаадагы катуу музыкадан башым ооруду. Баарбыз бир нече жолу үнүн акырындатууну сурандык, бирок айдоочу укпамышка салды. Тиги кыз болсо жетер жерине жеткенче чегип эле барды. Биз түтүндөн кыйналдык. Арабага келсек, ал сынып калганын биз дароо байкаган жокпуз, үйдө гана билдик. Айдоочу атайылап сындырбаса керек, -дейт Айгүл.

Назгүл Кулова унаадагы адамдар мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон үчүн айдоочу менен жолоочу кыз өзүн татыксыз алып жүрдү деген ойдо. “Соо адамдарга алар мындай мамиле жасамак эмес”. Ыктыярчы айдоочунун үстүнөн жергиликтүү укук коргоо органдарына арыз жазды. Териштирүү башталды.

Назгүл мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укугу күн сайын бузулат, дискриминация үй-бүлөүн өзүндө башталат дейт. Көпчүлүк ата-энелер баласы оорулуу төрөлгөнүн моюндагысы келбей, өз ызаасын балдарынан чыгарат.

“Мен бир окуяны билем. Апасы өз кызына жигит менен жолугууга тыюу салыптыр. Кийин кызын жигити менен көргөндө, аял кызын бетке чаап, эми дагы ал киши менен көрсө, үйдөн кууп чыгарын айткан. Мындай окуялар биздин күндөрдө орун алууда, тилекке каршы, бул акыркысы эмес. Ата-энелер көп учурда баласын толук кандуу адам катары кабылдашпайт. Алар балдарын окуп же турмуш курбашы керек деп эсептешет.

– Майыптар өздөрү болсо үй-бүлөдөгү басымга туруштук бере алышпайт. Алардын бүт өмүрү ата-энесинен көз каранды. Ушул көз карандылык алардын билимсиздиги менен бекемделет. Көп учурда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар мектепке барышпайт, анткени аларды окуучулар гана эмес, мугалимдер да мазактап, басынтышат. Шал оорулуу бир кыз бир нече жыл бою арабада отурду, бирок туруп кете алды. Эптеп басат, тепкичтен кыйналып чыгат. Жыгылган күндөрү болот. Ал кыз бир жолу мектепке 10 мүнөт кечигип калса, мугалим: “мектепке келе албасаң келбе, үйдө отур. Бардык класстын колун кармаба”, – дептир. Жыйынтыгында окуучу мектепке баруудан таптакыр баш  тартты. Мен азыр аны жазып-окууга үйрөтүп жатам.

– Майыптарга карата мындай жагымсыз мамилени мен дайыма көрөм. Адамдар аларга жек көрүү менен карашат, балдар мазакташат. Кээде бейтааныш эле аялдар арабадагы кыздарга: “Төрөй аласыңбы? Бул арабада кантип уктайсың? Этек кириң келеби?” деп орунсуз суроолорду беришет. Кыздар мындайдан кантип кутулууну билишпейт.

Чындап келгенде бул эң жаманы эмес. Назгүл бир саамга унчукпай отуруп, сөзүн баштады:

– Жакында эле шал оорулуу бир кыз менен сүйлөштүм. Анын айтканы эсимди эки кылды. Маектешим ооруканада сексуалдык зомбулукка кабылыптыр. Кызды укалоочу киши зордуктаптыр. Биринчи жолкусунда дарыгер кызды тургузууга жардам берип жатып, эмчегине тийип кетиптир.  Кыз буга маани деле берген эмес. Бул адаты экинчи жолу да кайталанган. Үчүнчүсүндө массажист кыздын ар жерин сыйпалап, мастурбация кылыптыр. Коркконунан колунан эч нерсе келген эмес. Кыз кийин медайымга арызданса, анысы сага ошондой сезилген го деп кутулган. Ата-энесине болгон окуяны айтпаптыр, анткени алар ишенмек эмес. Өз жанын кыйгысы келген.

Назгүл Кулованын айтымында майып кыздар көбүнчө таксисттер тарабынан сексуалдык ыдыкка кабылышат.

– Бир кыз такси чакырып, арткы орундукка отурган. Айдоочу бир нече чакырым жүрүп барып токтоп, кызга тийише баштаптыр. “Кыз бойдонсуңбу? Кел экөөбүз жасап көрөлү. Баары бир сени ким алмак эле?” деп асылган. Өзүн жоготкон кыз эсин жыйып, айдоочуга катуу кыйкырып, түшүп кеткен. Мындай окуялар ондоп саналат.

Бул курмандыктардын эч бири милицига арыз жазган эмес. Юристтер болсо Кыргызстанда сексуалдык кылмыштарды далилдоо кыйындыгын айтышат. Дээрлик мүмкүн эмес. Ал ортодо ар бир майып жүрөгүнүн тереңинде топ адамдын арасына сиңип кетип, жок дегенде бир күн коопсуздукка жашагысы келет, башкалардан өзгөчөлөнүп турарын унуткусу келет.

 МЫРЗАЙЫМ ЖАНЫБЕК КЫЗЫ
18.07.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*