Чолпон-Ата шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу вице-мэр Алмаз Байгазиев маалымдады.
Анын айтымында, шаардык мэрия облустук «Кызыл жарым ай» коомунун жардамы менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, кичинекей балдарга майып арабалар тапшырылды.
«Чолпон-Ата шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 225 адам каттоодо турат жана аларга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп турат», – деди вице-мэр.
Turmush
10.04.2018
Leave a Reply