ОШТО МАЙЫП БАЛДАР КОМПЬЮТЕРДЕ ИШТӨӨНҮ ҮЙРӨНҮП ЖАТЫШАТ

Ош шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп жашындагы балдардын компьютердик сабатсыздыгы жоюлуп жатат. Бул тууралуу “Рейнбоу” коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Феруза Амадалиева билдирди.

Маалыматка караганда «LEADALLIANSEKG»  жана «Инфо- Центр Рейнбоу» коомдук фонддору “Майып балдарга инклюзивдүү билим берүү” аталышындагы долбоорду иштеп чыккан. Учурда аталган эки фонддун колдоосу менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 10 бала жана алардын ата-энелери билим алып жатышат.

 

Феруза Амадалиеванын айтымында, долбоордун максаты-  ден-соолугу чектелген балдардын компьютердик билим сапатын өстүрүү жана ата-энелерине майып балдарга кам көрүү, алар менен үйдө иштешүү тууралуу үйрөтүү.

“Балдардын компьютердик сапатын жоюу үчүн чакырылган мугалимди атайын конкурс аркылуу тандап алдык. Келген балдар компьютер үйрөнгөндөн тышкары сүрөт тартып, түрдүү кызыктуу оюндарды ойношот. Өзгөчө ата-энелерге колдоо көбүрөөк керек болгондуктан, ар бирине убакыт бөлүп, баарлашабыз”,- дейт Феруза Амадалиева.

Компьютер менен иштөөгө кызыккан 10 бала ар жуманын дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү Ош шаарындагы №10 мектепте билим алып жатышат.

ТАҢКЫЗ ЭРГЕШБАЕВА

05.04.2018

Ошто майып балдар компьютерде иштөөнү үйрөнүп жатышат

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*