Азиз активистти абакка жеткирген чыр (видео)

Ормуковду камакка алуу учуру. Сүрөт анын түз эфирдеги видеосунан алынды.

Опасного преступника ̶А̶з̶и̶з̶а̶ ̶Б̶а̶т̶у̶к̶а̶е̶в̶а̶ незрячего Темирлана Ормукова привезли в наручниках больницу. Затем изверги в погонах собираются увезти его в ИВС. Ормуков в этом случае объявит голодовку против этого

Опубликовано Адилем Турдукуловым 4 апреля 2018 г.

5-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери азиз активист Темирлан Ормуковду ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып, атайын автоунаа менен алып кетишти.

Өзүн камакка алуу учурун Ормуков “Фейсбук” баракчасынан түз эфирде көрсөтүп турду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы да активист соттун чечиминин негизинде камакка алынганын ырастап, ал №1 тергөө абагына жеткирилгенин кабарлады.

Кыргызстандагы “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюму активист Темирлан Ормуковдун камакка алынышын айыптады.

Аталган уюмдун төрагасы Адил Турдукулов көзү азиз Ормуковду жалгыз камоо кыйноого тете экенин “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал Ормуковдун сот залынан, колуна кишен салып камалышы жана тергөө абагына киргизилишин адамгерчиликсиз чечим катары баалады.

Турдукуловдун айтымында, Ормуковдун үстүнөн парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазганы да бул чечим “жогору жактан берилген буйрук” болгонун көрсөтүшү мүмкүн.

Аталган уюм башка бийлик органдары Ормуковду бошотуу тууралуу кайрылууларга көңүл бурбай жаткандыктан, президент Сооронбай Жээнбековго, парламентке кайрылып, соттор менен милициянын “катаал аракеттеринен улам” азиз акындын ден соолугу жана өмүрү коркунучта экенин жарыялады.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров болсо бүгүн активист Темирлан Ормуковдун абактан бошотулушун талап кылып, Жогорку Кеңештин алдына акцияга чыкты. Ал көзү азиз акынды камакка алууну саясий куугунтук менен байланыштырып, бул демократиянын принциптерине каршы келерин белгиледи:

– Ормуков ичин устара менен тилип алганын билебиз. Аны ошондой кадамга баруусуна силер, бийликтегилер жеткирдиңер. Бүгүн аны дарыланып жаткан жеринен террорчуну кармап кеткендей кылып алып кеткениңер – бул уятсыздык. Темирлан Ормуковду камоону сөз эркиндигин, адам укуктарын тебелөө катары эсептейбиз. Урматтуу президент, урматтуу депутаттар, Ормуковду бошоткула! Темирлан, биз сени колдойбуз, мурдагыдай курч, бийликти сындаган ырларыңды жаза бер.

Токтонасыровдун акциясы.
Токтонасыровдун акциясы

Активист Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланып жаткан. Бүгүн активист №1 тергөө абагына жеткирилди.

Темирлан Ормуков президентти сындаган ырынан “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери табылганы айтылып, “жалаа жабуу” боюнча айыпталган. Бул боюнча арызды Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазган. Октябрь райондук соту Ормуковду “соттук отурумдарга келбей жатат” деген жүйө менен аны бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Активист менен соттошуп жаткан депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев Ормуков менен чатагын мындайча түшүндүргөн:

– “Көзү азиздер” коомунда үй алгандар боюнча чатак чыгып, ызы-чуу болгон. Анан биз жумушчу топ түзүп, иликтөө иштерин баштаганбыз. Ошол жерде Темирлан Ормуков мурдагы төрага менен келишип үйдү мыйзамсыз алганын аныктап чыккам. Ал өзүнүн бар батирин сатып, ошол жактан үй алган. Мен муну ачыкка чыгаргам. Ошол ишти күч кызматтары иликтеп баштаган. Буга өчөшүп ал мени коррупциялык иштерге айыптап, жети пункт менен жазылган арызды прокуратурага берген. Мен бул иштеримдин баары мыйзамдуу десем да болбой, прокуратура бир жыл текшерген. Эч кандай мыйзам бузуу табылбагандан кийин, жалган маалыматтарды айтканы үчүн Ормуковду сотко бергем.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет.

– Мен айтканымдан кайтпайм, кечирим да сурабайм. Мен бир гана жолу президенттик аппаратка барып өтүндүм, Бекешевду тыйып койгулачы, ошол тыйылса эле мен тыйылам дедим. Депутат Дастан Бекешев мага эркиндик берсинчи, менин жайыма койсунчу. Ал менин дүкөнүмдү, үйүмдү тартып алганы жатат, ошолорго тийишпесинчи. Кийин өкмөттүн аппаратына барып өтүндүм, алар угушкан жок. Баары биригип алып, кайра-кайра кыр көрсөтүп, күпүлдөшөт. Бир ай кубала, эки ай кубала, бир-эки күн коркут… Бирок коркутуу токтободу. Аягы жок азапты баштан кечиргенден көрө, бир жолу кыйналганым жакшы. Мен Бекешевдин күнөөсүн далилдемекмин, бирок мага мүмкүнчүлүк беришкен жок, – деген эле 29-мартта Ормуков.

05-апрель, 2018

www.azattyk.org

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*