Ошто аутизм жөнүндө маалымат таратуунун бир айлыгы башталды

Аутист балдардын Бишкектеги сүрөт көргөзмөсү.

“Азаттыктын” архиви: Өзгөчө дүйнө, өзгөчө балдар. 2015-жыл

 

Буга карата 2-апрелде ачык эшик күнү уюштурулуп жатат. Иш-чараны “АВА мама+” аутист балдарды колдоо борбору жана “Smаil.KG” коомдук фонду Ош мэриясынын колдоосу менен өткөрөт.

Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн аутист балдарды колдоо максатында жүрүш болуп, аягында “Нур” кинотеатрында “Мухит бейиши” деп аталган тасма көрсөтүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара өзгөчө балдардын жашоосун жакшыртуу, Ош шаарынын тургундарына аутизм тууралуу кенен маалымат берүү максатын көздөйт.

2-апрель – Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү.

Аутизм диагнозу коюлган балдарга 3-топтогу майыптык берилет. Кыргызстанда бул оору менен жабыркаган балдардын так саны тууралуу маалымат жок.

Азырынча дүйнөлүк медицина аутизмдин пайда болуу себептерин аныктай элек.

02-апрель, 2018

https://www.azattyk.org/a/29139326.html

 

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*