Майып балдардын ата-энелери парламентке кайрылышты

Иллюстрация

Майып балдардын ата-энелери түзгөн “Жаңырык” коомдук уюму Жогорку Кеңештин депутаттарынан 29-мартта парламентте 2-окууда каралуучу жөлөкпул боюнча мыйзам долбоорун жактырып берүүнү өтүнгөн кайрылуу таратты.

Кайрылуу ээлери сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жөлөкпул чыныгы муктаждарга берилээрин, майыптыгы бар балдарга ай сайын төлөнө турган социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 30% көбөйтүлөрүн белгилеп, депутаттардан мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранышкан.

Кайрылууга майып балалуу ата-энелердин уюмунун жыйырмадан ашуун мүчөсү кол койгон. Ушундай эле талап менен майып балдардын ата-энелери 29-мартта Жогорку Кеңештин алдында акция өткөрөрү да кабарланууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул акыркы жолу 2011-жылы 50 пайызга көбөйтүлүп, эки миң сомдон үч миң сомго көтөрүлгөн.

Ушу тапта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин каттоосунда 29 миң 460 майып бала бар. Алардын ичинен алты миң бала күнү-түнү кароого муктаж.

29-март, 2018
 https://www.azattyk.org/a/29131994.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*