Мүмкүнчүлүгү чектелген 25 адам программист кесибине акысыз окутулат

Иллюстрация

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 25 адам программалык камсыздоо жана компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз билим алат. Бул тууралуу Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова билдирди.

Курстун катышуучулары өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынат. Аларды алты ай бою испаниялык IT адиси Серхио Моро окутат. Билим алып жаткандардын жатаканасы, тамак-ашы да бекер болот.

Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашууда.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 178 миңге жакын майып адам болсо, алардын 29 миңи балдар.

Ал эми Кыргызстандын программисттер ассоциациясында 30дан ашуун компания катталган. Анда жалпысынан 350дөй программист эмгектенет.

30-март, 2018

https://www.azattyk.org/a/29134747.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*