Айыл турмушу: Жети-өгүздүк мугалим А.Касымалиева маянасына майып окуучуларды дарылатууда (фото)

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Алмагүл Касымалиева мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү максатында «Айкөл» кайрымдуулук фондун түптөдү.

31 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келген Алмагүл Касымалиеванын айтымында, фонд өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо максатында түзүлүп, бул багытта иш алып бармакчы.

«Учурда көз оорусу менен жабыркаган 9 жаштагы Эрболду дарыгерге көрсөтүп, ага керектүү дары-дармектерди алып берип жатабыз. Фонд эми окуучулардын ден соолуктарын чыңдоо багытында иш алып барат», – деди А.Касымалиева.

Ошондой эле ал фонд өзүнүн айлык маянасы менен каржыланып жаткандыгын белгиледи.

Алмагүл Касымалиева учурда Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүндө эмгектенет. Ал бала кезинен мугалим болууну кыялданып, окуу жайды бүткөндөн кийин биринчи бала бакчада тарбиячы болуп, кийин 1987-жылдан тартып Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

31 жылдык эмгек жолунда 3-класстагы мамлекеттик инспекторлук чинге, республикалык деңгээлдеги бир катар ардак грамоталарга ээ болуп, Мамлекеттик кадр кызматынын төш белгиси, «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси жана КРнын профсоюз кыймылынын төш белгилери менен сыйланган.

Мугалим бош убактысын текке кетирбей сайма сайып, жаратылыш кооздугун кездемеге түшүрөт.

«Кол өнөрчүлүк аялзаты үчүн абдан маанилүү. Мен сайма сайганды апамдан үйрөнгөм. Бул өнөрдү биз кийинки муундагы кыздарга үйрөтүшүбүз керек», – деди А.Касымалиева.

Turmush 

29.03.2018

http://www.turmush.kg/news:342860

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*