Мигранттардын балдарына кандай көңүл буруш керек? (Адистен жооп)

«Марал» радиосунун «Ата-эне сааты» программасынын бул жолку чыгарылышында Билим берүү министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева менен ата-энеси миграцияда жүргөн, социалдык муктаждыгы бар окуучуларды окутуудагы көйгөйлөр жана өзгөчөлүктөр тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Айзат Үсөнгүл кызы алып барды.

Баардык балдар тең билим алууга укуктуу…

Ата-энеси чет өлкөдө жүргөн балдарды жана чет өлкөдөн келген балдарды «мигранттардын балдары» деп коёбуз. Билим берүү системасындагы мыйзамга ылайык, мектептерде аларды атайын бөлүп караганга болбойт. Аз камсыз болобу, жетим болобу баарына бирдей мамиле, окутуу программалары каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы башкалар менен тең билим алууга укуктуу. Мурда балдар 3 эле категорияга бөлүнчү (социалдык муктаж, жалгыз бой эненин жана көп үй-бүлөнүн баласы). Азыр социалык жактан муктаж үй-бүлөлөр көбөйдү. Ага мигранттардын, ажырашып кеткендердин балдары дагы катталып жатат. Мамлекет көбүрөөк ушул топтогу өспүрүмдөргө колдоо көрсөтүп жатат. Анткени акыркы убакта зордук-зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгүн аталган тайпадагы өспүрүмдөр түзөт. Мындан сырткары, балага кол тийбестик болуш керек, анткени көпчүлүк учурда балдар өздөрүнүн эле туугандары, жакындары тарабынан зордук-зомбулукка кабылууда.

Мигранттардын балдары менен атайын социалдык педагогдор иштеши зарыл…

Андан сырткары, оор турмушка кабылгандар да бар. Ата-энеси экөө тең аракеч болуп, бала кароосуз калса аны да социалдык муктаждардын катарына кошобуз. Мындай жеткинчектердин саны өсүп жатат. Буга ата-эне өз милдетин аткарбаганы себеп болот. Баласын базарга иштетип, өздөрү үйдө отурган ата-энелер көп катталат. Бул маселени Саламаттыкты сактоо министрлиги менен катуу талкууга алдык. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар начар үй-бүлөдөн чыгып, баңги зат колдонгон өспүрүмдөрдүн саны да аз эмес. Мигранттардын балдары менен атайын социалдык педагогдор иштеши зарыл. Социалдык педагогдор жогорку билими бар  адистер. Мындан сырткары, айрым мугалимдерди кыска мөөөнөттүү окутуудан өткөрүп, социалдык педагог кылып даярдаганбыз. Алар ата-энелер менен тыгыз байланышта. Социалдык педагогдор балдар урушуп кеткенде алардын ортосуна түшүп социалдык жардам берет. Бала коомдо өзүн кандай алып жүрүшүнө багыт берет. Ата-энелерге, мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Алар бала зордук-зомбулукка кабылып жатканына байкоо салышы маанилүү. Мээримге муктаж балдар менен иштешүүдө класс жетекчи жана социалдык педагогдорго атайын программа иштелип чыккан. Мугалимдерге «окуучулардын ата-энеси менен тыгыз байланышкыла» деп эскертип турабыз.

Мигранттардын балдарына психологиялык колдоо да керек…

Мигранттардын балдары биринчи кезекте ата-энесин сагынат. Андыктан буларга психологиялык жактан да колдоо керек. Ошол эле учурда окуучулардын билим алуусуна жардам бериш керек. Айрым учурларда жеткинчектер чоң ата-чоң энесинин колунда эмес, кошунасынын колунда да калып калууда. Өз убагында тарбия берилип, каралбаган бала бара-бара уурулук кылып, туура эмес иштерге да барышы мүмкүн. Мындай көйгөйлөрдүн алдын алууда ИИМдин кызматкерлери менен чогуу иштерди алып баруудабыз. Анткен мугалим окуучуларды 24 саат бою карай албайт. Ал мектепте гана тарбия берип, көзөмөл жүргүзүшү мүмкүн. Ата-энесинен алыста жашаган бала айланасындагылардан катуу сөз угуп калса, өз жанына кол салууга чейин барат. Мигранттардын балдары жакындарынын арызынын негизинде окууга алынат. Бирок таштап кеткен балага ата-энесинчелик эч ким кызыкпайт, тагыраак айтканда милдетти алганды каалашпайт. Кээ бир учурда балдарын мектепке бербей койгон дагы ата-энелер катталууда. Бала окууга тартылбаса анын ата-энеси же өспүрүмдү карап жаткан жакындары мыйзам чегинде жооп берип калышат.

Балада үй-бүлөлүк тарбия болбосо келечекте мамлекетке чоң зыян алып келет…

Ар бир бала билим алууга укуктуу. «Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин» негизинде жүргүзүлгөн рейддерде окууга барбай калган балдардын ата- энелерине мыйзамда көрсөтүлгөн чаралар каралууда. Балада үй-бүлөлүк тарбия болбосо мамлекетке чоң зыян алып келет. Ата-эне наристени жарык дүйнөгө алып келгенден кийин аны жакшы тарбиялап, жоопкерчилигин сезе билиши зарыл. Мугалимдер окуучуларга мектеп учурунда гана жооп берет. Эгер бала кечинде бирөөлөр менен мушташып же кылмыш кылчу болсо жоопкерчиликти ата-энелер өздөрү көтөрөт. Мектепке чейинки билим берүүдө 480 сааттык программа бекитилген. Ага ылайык, бардык өспүрүмдөр окутулат. Чет мамлекеттен келип, өлкө аймагында жашап калган балдар үчүн кыска мөөнөттүү окутуу программасы бекитилген. Кыргызстанда чет мамлекеттен келгендердин балдары үчүн тил үйрөтүү курстары да бар. Ата-энелер менен иштешүү боюнча мугалимдерге атайын программалар бар. Балдарды тарбиялоодо “Биздин балдар жана биз” деген методикалык программанын негизинде мугалимдер үйрөтүлөт. Мугалимдер окуучулардын денесинен ур-токмоктун белгисин көрүп калса, дароо ИИМ кызматкерлери менен байланышып, баланын зордук-зомбулукка кабылып жатканын тактайт. Толук кандуу үй-бүлөлөрдө да зомбулукка кабылган балдар бар. Мындай көрүнүштөрдү азайтуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Жашоонун сергек мүнөзү” деген программа иштеп чыкканбыз. Анда, балдардын туура тамактануусу, спорт менен машыгуусу каралган.

Мигранттардын балдарынын көпчүлүгүнүн документтери жок…

Мигранттардын балдарынын көпчүлүгүндө документтери жок. Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө 200 миңден ашуун баланын документи жок экенин аныктаган. Азыр балдардын документтерин тактоодо аталган мекеме менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө. Электрондук базага балдардын маалыматын киргизип жатабыз. Бул ата-энелердин кайдыгерлигинен улам келип чыккан көйгөй. Алсак тарбия иштерин толугу менен мектепке тапшырып койгон ата-энелер бар. Бала жакшы болсун десек, үй-бүлө ийгиликтүү болуш керек. Биринчи балага ата-эне кам көрсүн, коом менен мектеп кийинки орунда. Окутуучу балага зомбулук жасаса мыйзамга ылайык, дароо жумуштан бошотулат. Бала бакчаларга да көп долборлор киргизилип жатат. Бала менен сүйлөшүү балага мээрим тартуулайт. Адистердин айтымында, каралбай калган балдар ата-энесин сагынып, куса болуп өзүнө кол салууга чейин барат экен. Ошондуктан жок дегенде күн сайын бир жолу бала менен сүйлөшүп, башын сылаш керек. Ата-эне менен баланын ортосунда байланыш үзүлүп калса, өспүрүм өзүн керексиз сезе баштайт. Балдарга мээрим төкпөсөк, өспүрүмдөрдү гүлдөтө албайбыз. Мигранттар балдары менен телефон аркылуу бат-баттан сүйлөшүп, ал абалын сурап тураганы жакшы.

Айжамал Худайбердиева

Март 27th, 2018

http://maralfm.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*