Дүйнөнү кыдырган көзү азиз кол күрөшчү: У.Босумбаевдин базардагы жана спорттогу жашоосу (фото)

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 42 жаштагы тургуну Урматбек Босумбаев 7 жылдан бери спорттун кол күрөш түрү менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Урматбек Босумбаев бала кезинен көз оорусуна кабылып, Бишкектеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин мектеп-интернатында билим алган.

«Менин көзүмдүн көрүүсү жашым өткөн сайын начарлай берди. Мурда бала кезде чала-була көрчүмүн. Азыр көчөгө жандап жүргөн адам жок чыга албайм. Өзүм Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында 1976-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келгем. Тилекке каршы, айылдагы мектептен билим алган жокмун. Көзүмдүн көрүүсү начарлап кеткендиктен Бишкектеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин мектеп-интернатында он жыл окудум. Аны бүткөндөн кийин шартка байланыштуу билим алган жокмун. Жашоо-тиричилик үчүн базарга өтүп, соода-сатык кылдым. Келинчегим менен базарда эмгектенип жүргөндө таанышкам. Кудайга шүгүр, 4 уул жана бир кыз, бир неберебиз бар», – деди спортчу.

Биринчи топтогу майып катары каттоого алынган Урматбек Босумбаев спорт менен машыгуу үчүн Беловодск айылынан Бишкек шаарына балдары же досторунун жардамы менен каттап турат.

«Учурда көзүм такыр көрбөйт. Мындан улам 1-топтогу майып катары каттоого алынгам. Ал эми Бишкектеги спорт залга жумасына 3 жолу барып турам. Кээде балдарым жетелеп алып барса, кээде досторум алып барат. Өзүм бала кезден спортко кызыкчумун. Бирок көзү көрбөгөн адамдын баары эле спортко жарай бербейт. Ошол себептен кол күрөштү тандап алдым. Бул спортко катышып жатканыма 6 жыл болду. Бирок акыркы бир жылдан бери профессионалдык деңгээлде машыга баштадым. Жакында эле өткөн республикалык мелдеште 1-орунду алып, чемпион аталдым. Буга чейин Венгрияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 60 мамлекеттин спортчуларынын ичинен 7-орунду алгам. Андан соӊ, Чолпон-Ата шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледим.

Эӊ биринчи машыктыруучум Азия чемпиону Елена Евгенина Тараторина деген орус айым эле. Азыр ал шартына байланыштуу машыктырбай калды. Учурда дүйнө чемпиону Александр Ли аттуу машыктыруучу менен иштешип жатам», – деди ал.

Turmush 

28.03.2018

http://www.turmush.kg/news:342829

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*