Оштогу шайлоо участоктору жайгашкан мекемелерде мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын добуш берүү шарттарын иликтөө жана жакшыртуу жөнүндө 16-марттагы жыйында айтылды.
Анда шайлоо участоктору канчалык жеткиликтүү экенин иликтөө боюнча жумушчу топ шаардагы мекеме-ишканаларда, шайлоо участокторунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттар талкууланып, жумушчу топтун төрагасы жана вице-мэр Шакир Зулимов бир катар тапшырмаларды берди.
Ага ылайык, тиешелүү тараптар шайлоо участоктору жайгашкан мекемелерде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш бериши үчүн түзүлгөн шарттарды иликтеп, анын жыйынтыгы боюнча сунуштарды 30-мартка чейин мэрияга берүүгө тийиш.
16-март, 2018
https://www.azattyk.org/a/29103858.html
Leave a Reply