Ош шаарына үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу борбору ачылат (фото)

Кечээ, 16-мартта Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча программасынын координатору Елена Зайченко менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугуушунун алкагында балдарга толук кандуу үй-бүлө чөйрөсүн түзүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, алардын ата-энелери үчүн ар тараптан көмөк көрсөтүүчү ошондой эле, балдарды үй-бүлөдөн ажырап калуусун алдын алуу жана кабыл алуучу үй- бүлөлөрдү ( фостердик) түзүүгө даярдоо боюнча борбор ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Вице-мэр Шакир Зулимов Ош шаарынын социалдык өнүгүүсүнө ошондой эле тынчтыктын орноосуна багытталган программалар ЮНИСЕФ тарабынан байма- бай жүргүзүлүп келе жатканына ыраазычылык билдирди. Ал эми ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча программасынын координатору Елена Зайченко зордук-зомбулукту алды алуу багытында көп функционалдуу борборду ачууга көмөк көрсөтүүнү суранып, эки тараптуу жүргүзүлгөн бул долбоор ишке ашып калса, балдарды жана ата-энелерди социалдык жактан коргоодогу бир топ маселелер комплекстүү ишке аша тургандыгын кошумчалады.

Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда «Ата- энелер» каанасы ачылып, 2 жылдан бери кызмат көрсөтүп келет. Ал эми үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн 2017- жылы «Үмүт шооласы» аттуу балдардын убактылуу жайгаштыруу борбору жана «Мөл булак» күндүзгү борбору ачылып, балдарды реабилитциялоо жумуштарын аткарып келүүдө. Бул борборлорго Ош шаарынын мэриясы тарабынан каржылоо жүргүзүлөт.

Turmush 

17.03.2018

http://www.turmush.kg/news:342147

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*