Ош мэриясынын кызматкерлери азиз наристеге бир күндүк эмгек маянасын которду

Ымыркай Табарактын көздөрү сыртка чыгып, шишик болуп төрөлгөн

Ош мэриясынын кызматкерлери көзү сыртка чыгып, азиз болуп туулган эки айлык Табарак Нуркамиловго жардам катары бир күндүк эмгек акысын которду. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жашаган көзү азиз Асылбек Нуркамил уулунун эки айлык баласы Табарактын да көзү көрбөгөн тейде төрөлгөн.

“Мэрия кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы 50 миң сомду түзөт. Асылбек Нуркамил уулунун көзү тубаса азиз. Анын үчүнчү баласы Табарак жарыкка көзү сыртка чыгып, шишик менен келген. Мындан сырткары, эки кызы да майып. Улуу кызы дудук, экинчи кызынын да көзү көрбөйт”, — деп билдиришти мэриядан.

Аталган үй-бүлө буга чейин баласын дарылатууга каражаты жок экендигин айтып, коомчулуктан жардам сураган

Буга чейин Sputnik Кыргызстан Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында ээн талаага орнотулган контейнерлерде күн кечирген сегиз үй-бүлө, алардын ичинен майыптыгы бар аялдын тагдыры тууралуу жазган.

ОШ — Sputnik

14.03.2018

https://sptnkne.ws/gZSS

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*