Майып бала баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү быйыл каралышы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова 14-мартта парламентте билдирди. Анын айтуусунда, майып баласын багыш үчүн 6 миң ата-энеге айлык акы төлөп бериш үчүн орто эсеп менен жылына 400 млн. сом керек болот:

– Майып балдардын жөлөкпулунун өлчөмү майыптыктын тобуна жараша 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин. Учурда оор абалдагы, дайыма кароого муктаж 6 миң майып баланын ата-энесине айлык акы төлөп бериш үчүн 400 млн. сом зарыл. Айлык акысы жашоо минимумунан кем болбойт.

Исакунованын маалыматы боюнча, бул маселе өкмөт башчы Сапар Исаковдун көзөмөлүндө. Быйылкы жылдын бюджетин бекитип жатканда Финансы министрлигине каражат табуу тапшырылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 30 миңге жакын майып бала бар.

Улуттук статистикалык комитеттин эсебинде, өлкөдө минималдык жашоо өлчөмү 4,9 миң сомду түзөт.

14-март, 2018
 https://www.azattyk.org/a/29097978.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*