Ош шаардык мэриясынын аппараты көзү азиз төрөлгөн Табарак Нуркамиловго жардам катары бир күндүк эмгек акысын которот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаарынын Кулатов кичи районунда батирде жашап жаткан Асылбек Нуркамил уулу аттуу майып адамдын жакында төрөлгөн перзентинин дарылануусуна акчалай жардам көрсөтүлөт. Наристе 2 айлык боло элек. Мэрия кызматкерлеринин 1 күндүк эмгек акы 50 миң сомду түзөт. Асылбек Нуркамил уулу тубаса көзү азиз. Анын үчүнчү баласы Табарак төрөлгөндө эле көздүн ордуна шишик менен төрөлгөн. Мындан сырткары 2 кызынын да ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Эң чоң кызы сүйлөй албайт, экинчи кызы да көзү азиз туулган. Жаш үй-бүлө буга чейин баласын дарылатууга каржаты жок экендигин айтышкан.
Turmush
14.03.2018
http://www.turmush.kg/news:341925/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply