Ийри-Суу айылында майып балдарга акчалай жардам көрсөтүлдү

Нарын районундагы Ийри-Суу айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акчалай жардам берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Ж.Ибраев билдирди.

Анын айтымында, шал оорусу менен жабыркаган 5 балага жана мектепте окуган 2 балага 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, окуучу балдарга окуу куралдар, керектүү кийим-кечектер жана таттуулар берилди. Алардын апаларына да баалуу белектер тапшырылды.

Жыйынтыгында М.Байдөөлөтов атындагы орто мектептин окуучулары чакан программадагы концерт тартуулашты.

Turmush 

10.03.2018

http://www.turmush.kg/news:341698

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*