Видео – Майып инисин полу жок үйдө баккан Н.Доржиевага 3 бөлмөлүү үй куруп беришти

 

Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагынын өкүлдөрү жардамга муктаж Нуркыз Доржиева тууралуу маалыматка түшүндүрмө беришти.

Айыл аймактын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Мирлан Мааткермовдун айтымында, 2-топтогу майып Н.Доржиеванын жашоо-шарты тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. «Анын турак жайынын сүрөтү жай мезгилинде тартылган. Андан бери курулуш иштери жүргүзүлүп, сүрөттө көрсөтүлгөн короо-жайдагы таштандылар тазаланган. Бүгүнкү күнгө чейин аталган жаранга жардам берилип жатат», – деди ал.

Мирлан Мааткеримов

Аталган айыл аймактын социалдык кызматкери Нүргүл Өмүракунова 2012-жылы Н.Доржиевага жардам берүү үчүн марафон уюштурулуп, 8000 сом топтолгонун билдирди. Айылдын тургундары марафондун комиссиясынын курамын, төрагасын, кассирин өздөрү тандап алышкан.

«Бул каражатка айыл өкмөт кийлигишкен жок. Марафондон чогулган каражат кимде экендиги белгисиз. Марафондун иши ушуну менен токтогон. 2016-жылдын башында социалдык маселелер боюнча адис болуп иштеп жаткан Салтанат Орозонова менен үйлөрдү кыдыруу учурунда бул үй-бүлөнүн турак жайы жараксыз абалда экендиги аныкталган. Айыл өкмөт башчысы Кубанычбек Азизовго билдирүү да жасалган. Жаз келээри менен үйдүн курулушун баштоо үчүн 2 тонна цемент, курулуш жыгачтары жеткирилген. Бирок ал цементтерди катып калып, жыгачтарын отун кылып жагып алган. Мындан тышкары, анын 1988-жылы туулган уулу Улан Доржиев менен сүйлөшүп, үйүн бүтүрүү үчүн курулуш материалдарын алып бердик. Ал жылы дубалы толук бүтүп, чатыры жабылды.

У.Доржиев Бишкек шаарында курулуш иштери менен алектенет. Ал 2017-жылы үйүн курууга келбей койгондуктан Тоң райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жумушсуз тургундарды курулуш иштерине тартуу тууралуу кайрылуу жасадык. Айыл өкмөт, жергиликтүү депутаттар тарабынан 25 миң сом бөлүнүп берилди. Ага курулуш материалдар алынып, үйдүн полуна цемент төшөлүп, линолеум салынды. Ошондой эле, дубалдары шыбалып, терезе-эшиктери салынып, сырдалып, акталып, электр чубалгылары туташтырылган. Айыл тургуну Кубанычбек Төлөгөнов 3000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Күн сууктап кеткенине байланыштуу куруучулар сырткы курулуш иштерди жазында улантууну сунушташкан. Мындан тышкары, аталган үй-бүлөгө азык-түлүк, кышкысын көмүр берилип турат», – деди ал.

Нургул Омуракунова

Көл-Төр айыл аймагынын бюджети 2 млн 22 миң 330 сомду түзөт. Тоң районундагы айыл аймактардын ичинен бюджети эң аз айыл өкмөт. «Азыр бардыгыбыз эле курулуш иштерин, заманбап үй салууга канча каражат сарпталарын жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан каражатка жараша үй курулду», – деди Н.Өмүракунова.

Ал эми, айыл аймактын башчысы Кубанычбек Азизов 2017-жылы аталган үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү үй курулганын кошумчалады. «Н.Доржиева журналисттер менен жолугушуусунда өзүнүн эски үйүн көрсөтүп, жаңы бүткөн үйдү көргөзгөн эмес», – деди ал.

Кубанычбек Азизов

Окуя тууралуу:

Буга чейин Тоң районунун алыскы Көл-Төр айылынын 50 жаштагы тургуну Нуркыз Доржиева майып иниси менен полу жок үйдө жашоого аргасыз экени маалымдалган.

Н.Доржиеванын айтымында, өзү жана 1972-жылы туулган иниси Кайырбек Доржиев дагы 2-топтогу майып.

«Биз жашаган үй өткөн жылы урап калгандыктан райондогу «Тоолуу өрөөн» коомуна жардам сурап кайрылгам. Аталган коом аркылуу район акимине кайрылуу жолдонуп, Көл-Төр айыл аймагынан 2 бөлмөлүү үй куруу тапшырмасы берилген. Үйдүн жанындагы кампаны Көл-Төр айыл аймагы 2 жылдан бери оңдоп жатканы менен бүткөрүлбөй жатат», – дейт ал.

Ал учурда полу жок үйдө жашап, майыптыгы үчүн алган 3 миң сом жөлөк пул менен гана тиричилик кылып жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле, өзү майып болгондуктан иниси Кайырбекке документ ала албай жатканын айтат.

Дом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили ДоржиевыДом, в котором ранее жили Доржиевы

Turmush 

06.03.2018

https://www.turmush.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*