Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан энелер өкмөттөн убадаланган айлык акы берилбегенине нааразы

Акыркы 20 жыл аралыгында өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны бир жарым эсеге өстү. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин “Арди” бирикмесинин өкүлү Турдубү Жумабекова маалымат жыйында айтты.

Анын айтуусуна караганда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бакчага, мектепке баруусуна шарттарды түзүү – мезгилдин башкы талабы.

“Бүгүнкү күндө майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдардын саны 29 миң 800гө жетти. Ал балдарды үйдө мээрим берип тарбияласа келечекте өлкөнүн келечегине жараган жарандар болот”, – деди Жумабекова.

Ата-энелер Кыргыз өкмөтү 15 жылдан бери майып балдары бар үй-бүлөлөрдүн энелерине баласын бакканы үчүн айлык акы төлөп беребиз деп ушул убакка чейин төлөнбөй келгенин айтышат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргогон активисттер жана ата-энелер президент Сооронбай Жээнбековдон 15 жылдан бери ишке ашпай келе жаткан майып баланы баккан ата-энеге эмгек акыны төлөөнү жүзөгө ашырууга көзөмөл кылышын өтүнүштү.

Автор: Бактыяр Кыдыралиев
Фото: Бактыяр Кыдыралиев
06-03-2018
https://www.super.kg/kabar/news/222965/

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*