“Айкын багыт” укук коргоо уюму менен жарандык активисттер үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдарга жаңы жылдык майрам тартуулашты. Майрамга 55 аял балдары менен катышты. Алардын арасында жалгыз бой эне, ажырашып жаткандар, ала качууга дуушар болгон же зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер бар.
Иш-чара үч бөлүктөн турду. Алгач аялдарды сулуулук салондордун биринде жасантып, келбетине болгон ишенимди жаратышкан. Экинчи баскычында алар жана балдары үчүн балаты майрамы уюштурулду. Мындан сырткары мастер-класстар өткөрүлдү. “Айкын багыт” уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарованын маалыматы боюнча, мындай иш-чара аркылуу уюштуруучулар аялдардын өзүнө болгон ишенимин күчөтүп, аларды “эч кимге керегим жок” деген ойдон арылтууну көздөшкөн. Иш-чарага Бишкек шаарында жана жаңы конуштарда жашаган аялдар катышты.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, аялдардын 23% зомбулукка кабылат. Ал эми өз алдынча иликтөөлөрдүн биринде бул көрсөткүч 50% деп белгиленет.
12-январь, 2018
https://www.azattyk.org/a/28970939.html
Leave a Reply