Кыздарды кыстап турмушка бергендер көп

Талкуунун катышуучулары.

Кыргызстанда 18 жашка толо электе турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт. Ал эми коңшулаш Казакстанда мындай көрсөткүч 1% барабар. Кыздардын эрте турмушка чыгып жатканына эмне себеп?

Бул маселе “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды. Тегерек үстөлгө Социалдык өнүктүрүү минстрлигинин гендердик маселелер боюнча адиси Асем Куттубай кызы, эл аралык эксперт Бермет Убайдиллаева жана “Аялдарды колдоо борборунун” координатору Элиза Ажиева катышты.

“Азаттык”: Кыргызстанда “жашы жете электерге нике кыйылбасын” деген мыйзам ишке киргенине бир жылга таяп калды. Өкмөт 29-декабрда бул мыйзамды ишке ашыруу боюнча атайын план бекитип, аны аткарууну бир нече министрликтерге жүктөдү. Эми жүзөгө ашат деп ишенүүгө болобу?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим – бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Асем Куттубай кызы: Мамлекеттик мекемелердин арасында биргелешкен план бекитилгенине аз эле убакыт болду. Анда биздин министрликке тиешелүү болуп бекитилген үч-төрт пункт бар. Ага ылайык биз жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзамга башка ченемдик-укуктук жана башка актыларды шайкеш келтирүү максатында каттоо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Мындан тышкары, биздин министрликте балдар үчүн “ишеним телефону” долбоору иштейт. Бул долбоордун алкагында өспүрүм курагында никеге мажбурлоо фактысы боюнча да кайрылууга болорун эске салгым келет. “Ишеним телефонунда” биздин адистер керектүү кеңештерин берип, зарылчылык болсо тийиштүү тараптарга кайрылышат.

“Азаттык”: Он сегиз жашка толо электе турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт. Бул бул жыл сайын жети миңге чукул өспүрүм кыз никеге турат деген сөз. ПРООНдун “Кыргызстандын туруктулуулугун жана демократияны илгерилетүү боюнча мыйзамдарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү” долбоору бул маселе боюнча иш жүргүзүп, иликтөө жүргүзгөн экен. Эл аралык уюм бул көйгөйдү колго алып, киришүүсүнө кандай зарылчылык болду?

Бермет Убайдиллаева.

Бермет Убайдиллаева.

Бермет Убайдиллаева: Биздин долбоор ПРООН менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Өспүрүм курактагы кыздардын эрте турмуш куруп жатканына байланыштуу көйгөйлүү маселени жарандык активисттер көтөрүп чыгышты. Буга чейин жасалган көптөгөн иликтөө иштери, медициналык жактан көрсөтүлгөн фактылар бул маселенин орчундуу экенин айгинелеп, далилдеп чыкты. Бизде он сегиз жашка чейинкилер бала деп эсептелет. Кыздарыбыздын ден соолугу, билим албай калышы, өз мүмкүнчүлүктөрүн жеке жашоосунда колдоно албай, ара жолдо калганы – ушулардын баары ушул маселенин ичинде жатат. Мындан тышкары, Кыргызстан балдар укуктарын коргоо боюнча эл аралык коомчулук алдында убада берип, бир катар милдеттенмелерди кабыл алган.

“Азаттык”: Жашы жете элек секелектерди эрте никеге турууга ким же эмне мажбурлап жатат?

Биздин иликтөө учурунда эртелеп турмуш курган кыздардын дээрлик басымдуу бөлүгү мажбурлоо жана зордук-зомбулук менен мажбурланганы аныкталды.

Элиза Ажиева: Биздин уюм бул маселе боюнча иш алып барып, жер-жерлерде мектеп окуучулары, алардын ата-энелери, жаштар комитеттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатат, аларга маалымат жеткирүүгө аракет кылып жатабыз.

Кыздар менен да, жаш жигиттер менен да сүйлөшкөндө алар кыздардын эрте турмушка чыгышына түрдүү себептерди айтышты. Анын ичинен негизги себеп катары жакырчылык, миграциянын күчөшүн белгилешти.

Дагы бир себеби – жер-жерлерде бул маселе боюнча, мыйзам тууралуу маалыматтары жоктугу. Укуктук билимдин аздыгы жана ошол эле учурда адамдардын калыптанып калган караңгы көз карашы да кыздарыбызды эртелеп турмушка узатуунун негизги себеби болуп жатат. Биздин иликтөө учурунда эртелеп турмуш курган кыздардын дээрлик басымдуу бөлүгү мажбурлоо жана зордук-зомбулук менен мажбурланганы аныкталды.

Замира Кожобаева
12-январь, 2018
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-human-rights/28970401.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*