Өспүрүм кызды зордуктагандар жазасыз калабы?

Кара-Кулжа районунда бир жылда секелек кызды көптөп зордуктаган үчүнчү окуя катталды. Үч айылдашы зордуктаганын айткан өспүрүм кыз өткөн айда төрөдү.

Өспүрүм кызды зордуктоого шектүүлөр дароо кармалып, кылмышын мойнуна алган көрсөтмө беришти. Бирок райондун укук коргоо органдары кыз кордогон балдарды жазага тартуудан карманып турушат.

– Кайрат бүткөндөн кийин артынан Жалын келди да видеону көрсөттү, көрдүңбү, эгер бирөөгө айтсаң, интернетке жүктөп салыбыз, өзүң уят болосуң деп корутту. Ал бүткөндөн кийин, Жунус келип калды. Ал эмнеге булар менен жатасың деп урду. Анан ал дагы кылды. Мен аларга күчүм жеткен жок, – деп улутунган 16 жаштагы Айгүл (аты өзгөртүлдү) мындан бир ай мурун уул төрөгөн.

Айгүлдү үч айылдашы жалгыз калганынан пайдаланып, үйүнөн сүйрөп чыгып, талаада зордукташкан. Өспүрүм кыз кош бойлуу экенин акырына чейин жашырып жүргөн.

– Анан Жалын мени үйгө чейин ээрчип келди. Жолдо келе жатып ал окуяны эч кимге айтпа деди. Эгер ата-энеме айтсам өзүмө эле зыян болорун айтты. Сен үйүңдөгүлөргө айтсаң милицияга беришет. А милицияга ашып кетсе, 50 миңден берип ишти жаптырып коёбуз. Өзүңө эле жаман болот. Кийинкиңди ойлон дешти. Анан эч нерсе кылбадым. Айткан да жокмун.

 

 

Айгүлдүн айтканына караганда, өзүн зордуктаган үч айылдашы маал-маал келип бойдон түшүрүүчү дарыларды да берип турушкан.

– Ошондон кийин ал үчөө үйгө келип, дары берип жүрүштү. Жайлоодо да алар берген дарыларды ичип жүрдүм. Бирок боюмдан түшкөн жок.

Айгүл бойдон түшүрүүчү дарылар натыйжа бербегенден кийин балдар өздөрү аборт жасоого да аракет кылып көрүшкөнүн айтат.

– 12-сентябрь күнү апам менен атам Ала-Букага тойго кетишти. Ошол түнү Жунус менен Кайрат келди. Инилерим менен жаткам. Алар коркуп калбасын деп чыктым. Анан Кайрат менен Жунус мени бул жактагы ашканага алып киришти. Анан балаң ушинтсе түшөт деп, бычак менен алдымды кескилешти… Кийин алар маал-маал жолугуп толгото баштаганыңда бизге айткын. Биз сени талаага алып барып төрөтүп келебиз. Балаңдын жайын даярдап койгонбуз деп күтүп жүрүшкөн.

Эненин энөөлүгү

Кызы зордуктоонун кесепетинен кош бойлуу болгонун Айгүлдүн ата-энеси ал төрөгөндөн кийин билген. Ага чейин алар кызынын бөйрөгү ооруп жатат деген ойдо ооруканага алып келишкен.

– Кызым ооруп жатып калды. Анан биз дароо ооруканага алып келдик. Ал дароо эле жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Ошол жерде дарыгерлер мени чакырып, кызыңыз төрөй турган болуп калыптыр. Кызга тогуз ай толуптур. Неге сиз билген жоксуз дешти. Кызым ушундай болуп калат деп эч ойлобоптурмун. Кызым ушунча ишти эмнеге менден жашырып жүрдү деп таарындым. Анан тергөөчү бала келип, кимден күмөнүңүз бар деп сурайт. Кызымды өзүм жаткан бөлмөнүн төрүндө жаткырсам кимден күмөнүм болот эле дейм.

Каргашалуу окуя Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айылында 2016-жылдын 27-мартында болгон. Бирок тогуз ай мурунку кылмыш тууралуу маалымат Айгүл төрөгөндөн кийин 5-декабрда гана милицияга жеткен. Секелек кызды зордуктоого шектелип Айгүлдүн 24-26 жаштагы үч айылдашы кармалган. Бирок алар бир күн да камалбай, азыр айылда эч нерсе болбогондой оокатын өткөрүшүүдө.

– Милиция ошол күнү эле аларды кармап келди. Сурак кылып, тилкат жаздырып чыгып эле эже, кызыңыз айткандын баарын балдар да айтып беришти. Бүгүн Айгүлдүн ата-энеси жок, жүргүлө деп бизди Кайрат баштап барган деген көрсөтмөнү Жунус менен Жалын бериптир. Бирок аларды ошол күнү эле кайра бошотуп жиберишти. Шайлоо болуп жатса, милицияда эч ким жок. Буларды ким карамак эле. Мен үйүмө алып барып бакмак белем деп тергөөчү аларды кое берди. Ал балдар ошондон бери бош эле жүрүшөт, – дейт Айгүлдүн апасы.

Балдарды коргогондор

Кылмышка шектүүлөрдүн экөө кармалары менен айыбын мойнуна алышкан. Бирок алардын биринин апасы уулун сүттөн ак деп атоодо.

– Балам биринчи топтогу майып. Көзүн ак басып калган. Алар кызынын жүрүм-түруму менен иши жок эле, ар кимди күнөөлөп жатышат. Кызы болсо айылдын эң жоошторун терип, милицияга жазып бериптир. Каалаган жерине жазсын!

Кылмышка дагы бир шектүү учурда айыл өкмөтүндө оператор болуп иштейт. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Курстанбек Матиев шектүүнүн кылмышы аныктала элек дейт.

– Мен айыл өкмөтүнүн башчысы катары Кайраттын ишин айылдык кеңештин талкуусуна салып, жумуштан алып койгонго укугум бар. Бирок укук коргоо органдары анын зордуктоого тиешеси бар же жок экенин аныктаганга чейин мен аны кызматтан четтетпейм.

Кара-Кулжа райондук прокурорунун орун басары Тыныбек Турабай уулу жабырлануучунун алгачкы көрсөтмөсү шектүүлөрдү камоого жол бербейт деп билдирди:

– Ал кыз ар түрдүү көрсөтмөлөрдү берип, бүдөмүк жагдайларда тергөөнүн жүрүшүнө өзү тоскоолдук жараткандыктан, биз кылмыш ишин козгоп, ишти райондук милицияга жибердик. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жарашып алуу сунушу

Айгүл болсо ар кандай коркутуулардан улам тергөөчүлөргө жалган көрсөтмө берүүгө аргасыз болгонун айтат:

– Алар айтсаң атаңды өлтүрүп, үйүңдү өрттөп кетебиз, Акматовдордун баарын жок кылабыз дешкен. Мен коркуп тергөөчүлөргө алар үйрөткөндөй кылып айтып койгом. Бирок апам экөөбүздүн сөзүбүз дал келбей чындык чыгып калыптыр. Алар айткандай кылып “мени Ошто Мухаммед деген бала зордуктаган” дегенмин. Бирок апам 2015-жылдын декабрынан бери айылдан чыкпаганымды айтыптыр. Ошентип эле чындык чыгып калды.

Кордолгон секелекти “эзген” сот

 

Укук коргоочулар зомбулукка кабылган өспүрүмдөр боюнча сот, тергөө иштери создугуп, укук коргоо органдары мыйзамга шайкеш мамиле жасабай жатат деп билдиришүүдө.

Бул арада кылмышка шектүүлөр Айгүлдүн ата-энесине акча сунуштап жатканы ачыкка чыкты. Жабырлануучунун атасы тергөө органдары тараптар өз ара келишип алуусун күткөнсүп, бир жарым айдан бери аракетсиз отурат дейт.

– Алардын ата-энеси мага келишти. Акча сунушташты. Анан кайра келишип, үчөөбүз үч бээ берели дешти. Анан кайра кеңешип келип, Оштон бир бөлмөлүү батир алып берели, арыздан баш тарт деп жатышат. Кыргызчылык кылалы, жабалы, ал эми сот, прокурорду бизге кой, биз өзүбүз бүтүрүп алабыз деп жатышат. А мен сотто сүйлөшөбүз дедим.

Кара-Кулжадагы башка окуялар

Буга чейин да Кара-Кулжада 15 жашар секелек 2016-жылдын 18-мартында төрөгөнү кабарланган. Ал дагы айылдаш агаларынын көптөп зордуктоосуна кабылганын айткан. Бирок райондук прокуратура секелек кыздын апасы жазган тосмо арызга таянып, кылмыш ишти жаап койгон.

Өткөн жылдын жаз айларында 9-класстын окуучусу 15 жаштагы кызды дагы айылдаштары маал-маалы менен зордукталып жүргөнү ачыкка чыккан. Бул иш дагы кыздын апасы жазган тосмо арыздын негизинде жабылган.

Кара-Кулжа районунда 14-15-16 жаштагы үч секелектин зордукталышына күнөөлөнгөн тогуз адамдын бири да жазаланбай жүрөт.

Бул арада айылдаш агаларынын кордугун тарткан үч кыз тең мектепке баралбай, аттестат да албай калышты. Алардын экөө эрте эне болуп, айылдаштарынын басымы астында күн кечирүүдө.

Ыдырыс Исаков
16-январь, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_human_right_crime/28234069.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*