Майлуу-Сууда жүргүнчү аял көргөн кордук

Майлы-Суу

Майлуу-Суу шаарына конокко барган аялды зордуктап, бир жума батирде кармап, кыйноого алган деп шектелген үч адам азыр милицияга сурак берип жатат. Адистер зордуктоо окуяларына байланыштуу катаал чаралардын жоктугунан мындай кесепеттер тыйылбай жатканын белгилешет.

Жабыркаган аял бир жума Майлуу-Суу шаардык ооруканасында дарыланып, андан соң үйүнө чыгарылган. Сузак районунун 41 жаштагы тургуну азыр үй шартында дарыланып жатат. Аты-жөнүн атагысы келбеген жабырлануучу “Азаттыкка” интервью берүүнү каалаган жок.

Ал дарыланган шаардык оорукананын директорунун орун басары Нурлан Чыныбеков аялдын ошол кездеги абалы боюнча буларга токтолду:

– Аялды аябай кордошуптур. Өзүнүн айтымында, үч эркек киши батирде ур-токмокко алышкан. Бети-башы көгала, колдору да сыйрылган. “Бизге жакшы интимдик кызмат көрсөтпөй жатасың” деп лезвия менен чачын да кыркып салышыптыр. Бизге келгенде абалы орточо оор болчу. Дароо кабыл алып, дарылоо иштерин алып бардык. 30-май күнү ооруканадан чыгып кеткен.

 

Жабыркаган аял менен сүйлөшкөн дарыгер Чыныбековдун айтымында, 18-майда Майлуу-Суу шаарына конокко келген аял кайра үйүнө жетүү үчүн бейтааныш адамдардын унаасына түшкөн. Ошентип Жалал-Абадга жол тарткан аялды жарым жолдо үч эркек коркутуп, уруп-сабап кайра артка алып жөнөшкөн.

Майлуу-Суу шаарынын 42, 22 жаштагы жана Ноокен районунун 36 жаштагы тургундары жүргүнчү аялды Майлуу-Суу шаарындагы батирине алып кирип, ошол жерде зордукташкан.

Андан соң анын колу-бутун байлап, батир ичинде беш-алты күн кыйнашкан. Үч күндөн кийин “башка балдарды алып келип, сенин үстүңдөн акча жасайбыз” деп да коркутушкан. Акыркы күнү алар таңга маал мал базарга кеткенде, колу-буту байланган аял эптеп бошонуп, эшикти балта менен бузуп, милицияга барып арызданат. Андан соң кылмышка шектүүлөр колго түшкөн.

Майлуу-Суу шаардык милициясы бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “зордуктоо”, “эркинен ажыратуу” беренелери менен иш козгоп, кармалган кылмышка шектүү жарандар эки айга камакка алынганын облустук ИИБнын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Самара Кыдырова билдирди.

– Жогорудагы кылмышка шектүүлөр 26-майда шаардык соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 125, 129-беренелеринин негизинде кылмыш иши ачылып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми жабыркаган аялга соттук медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган.

Иллюстрация

Иллюстрация

Алсыз мыйзамдар зомбулукка жол берет

Кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктун тыйылбай жатышын акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова өлкөдөгү алсыз мыйзамдар жана укук коргоо органдарындагы паракорчулук менен байланыштырат. Мындан тышкары эгемендүүлүк алган жылдардан кийинки үй-бүлөдөгү тарбия маселесине кош көңүл мамиленин арты ушундай кесепеттерге алып келип жатканын белгиледи.

– 1990-жылдардан кийин ата-энелер бала тарбиялоо дегенди унутуп, тамак-ашка акча табуу менен алек болуп калган. Ошол учурларда рекетчилик, баскынчылык көбөйүп, балдар ошолорду көрүп өстү. Анын запкысы азыр билинип жатат. Бойго жеткен кыздар мындай турсун, секелек кыздарыбызды да сыртка чыгаргандан коркуп калдык. Кандай заманга туш келгенибизди да билбей калдык. Бизде эл оозунда айтылгандай сотторго анан органдарга канча акча берсең ишин ошондой бүтөт деген сөздөр бар. Кылмышты жасап анын жазасын толук албай жатышпайбы. Ошол себептүү кылмышка барган адам эч нерседен коркпой калды. Бизде катуу тартип анан мыйзам керек болуп жатат. Антпесе буларды тыйыш кыйын. Мына кечээ эле интернетте тараган видеодо 10 жаштагы кызды зордуктаганы жаткан баланы кармап алып, ортодо ур-тепкиге алып жатышат. Ал бала мурда да ушул жолго барган экен. Коомду кантип тарбиялоо керек?

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун Кыргызстанда жүргүзүлгөн коомдук коопсуздук боюнча эл аралык иликтөөнүн жыйынтыгына таянып билдиргенине караганда, жыл сайын зордукталган 300гө чамалуу кыз-келиндин 30 пайызы гана милицияга кайрылат. Кыргызстанда ар бир 25-аял сексуалдык зомбулукка кабылат, ар бир алтынчы аял ала качууга дуушар болот.

Руслан Калматов
09-июнь, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_violence_rape_women_june_2017/28535809.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*