Кайдыгерлик зомбулукту күчөтөт

Иллюстрация

Укук коргоочулар Кыргызстанда адамдын үшүн алган зордуктоо фактылары көбөйүп баратканын айтып коңгуроо кагышууда.

19-сентябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда өз атасына сексуалдык зомбулук көрсөттү деген шек менен 30 жаштагы адам кармалып, тергөө жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат коомчулукту дүрбөттү.

“Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикованын “Азаттыкка” билдиришинче, зордук-зомбулук фактылары көмүскөдө калбай, ачыкка чыкканы жакшы:

Чынара Термечикова

Чынара Термечикова

– Зордук-зомбулуктун үрөй учурган түрлөрү союз учурунда деле болуп келген. Мындай маалыматтардын ачыкка чыкпай калышынын биринчи себеби – бул элдин пикиринен корккондук, чочулагандык. “Эл билсе эмне болот, эл эмне дейт” деп отуруп адам бардыгын ичине катат. Бирок анын аягы көп учурда жабыркаган адамды өзүнө кол салууга түртөт.

Сексуалдык зомбулуктун 10% гана ачыкка чыгат

Ушул жылдын июнь айында Сузак районундагы Ат-Чабар айылынын имамы 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн деп шектелсе, Гүлбүрак аттуу кыз беш жашынан бери өз атасы сексуалдык кордук көрсөтүп келгенин ачыкка чыгарган.

Бир ай мурун болсо Бишкектеги сейил багынын биринде пенсиядагы аял зордукталганын милиция маалымдаган эле. “Бул маалыматтар коомчулукка ачыкка чыгып калгандары гана, а чындыгында 90% фактылар боюнча арыз жазылбай калат”, дейт психотерапевт Наталья Павлова:

– Иликтөөлөр көрсөткөндөй, зордуктоонун 80-90 пайызы жакын туугандары тарабынан катталат. Ошондуктан зордук-зомбулук боюнча иштер милицияга жетпей эле жабылып калат. Бул жерде менталитет дагы чоң мааниге ээ. Эртеси күнү жабыркагандар тергөө, сот процессинде сүйрөлүп жүрүп, андан дагы чоң сокку алат. Сексуалдык зомбулукка кабылгандарды адамдар сөөмөйү менен көрсөтүшүн каалабагандыктан, иштер андан ары жылбай калат.

Үй-бүлө институтун күчөтүү сунушу

Кыргызстандагы Help age уюмунун жетекчиси Айсулуу Камчыбекова өлкөдө үй-бүлө институтунун тамыры бош дейт.

– Үй-бүлө институту аксагандыктан ажырашуу көбөйдү, миграция күчөдү. Балдар менен ата-эне бир болбосо, үй-бүлөдөн кут качып, бир туугандар арасында мээрим жоголот. Башка бирөөнүн колунда жашап жаткан балага дайыма кодулоо болот. Ошондуктан туугандар бири-бирин өлтүрүп, зордуктаган учурлар кездешип атат. Анын үстүнө зордук-зомбулук фактысын кошуна, коом билип турса да эч кандай жардам бербейт. Натыйжада бардыгы кайдыгер болуп баратат.

Аксакалдар сотунун иши аксап жатат

Аксакалдар сотунун иши аксап жатат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Жаңыл Алыбаева“Азаттыкка” билдиргендей, зордук-зомбулукка каршы мыйзамдын жакшы иштебей жатканынан да мындай терс көрүнүштөр азайбай жатат.

– Жакшы мыйзамдар бар, бирок иштебей жатпайбы. Натыйжада комплекстүү иш жүрбөй калууда. Алсак, биздин социалдык кызматкерлер жер-жерлерде иштеш керек, мындан башка аксакалдар соту дагы зордук-зомбулукка чоң салым кошмок. Анын бардыгы мыйзамда жазылган, бирок иш жүзүндө андай эмес. Менимче, мыйзамдын аткарылышы айланып келип каржыга көз каранды, экинчиден, адамдык ресурс жетишпей жатат.

Укук коргоочулар зордук-зомбулук фактылары катталган учурда тийиштүү органдарга маалымат берүү зарылдыгын эскертет. Терс көрүнүштөрдү жашыруунун арты илдетти ырбатып, коомду кургуйга түртөт дешет алар.

Самат Жумакадыров
21-сентябрь, 2016
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_human_rights_torture/28004559.html

3 Trackbacks / Pingbacks

  1. Өспүрүм кызды зордуктагандар жазасыз калабы? – Сот адилеттигине жетүү
  2. Майлуу-Сууда жүргүнчү аял көргөн кордук – Сот адилеттигине жетүү
  3. Айтурган: Мени кордогон адам табылбай калды – Сот адилеттигине жетүү

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*