Майып балдар менен алардын ата-энелери окутулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активисттер майып балдарга жана алардын ата-энелерине арналган долбоорду баштады. Мында балдар IT-технологияны, компьютерде иштөөнү окуп үйрөнсө, энелер тигүүчүлүктү, ашпозчулукту окууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу долбоордун демилгечилеринин бири Айнагүл Абдрахманова “Азаттыкка” билдирди.

– Майып балдар үйдө эле отурушат, мектепке деле толук барышпайт. Ата-энелер да балдарды карап отургандыктан иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан балдарга компьютерде иштегенди үйрөтүп, жакшы окугандарды IT академиясы менен сүйлөшүп, стипендия төлөп берип, программалоону үйрөтөлү дегенбиз. Балдар окуп жаткан учурда энелери тикмечиликти, ашпозчулукту же визажисттикти окуп алса үйдөн деле иштеп, акча таба беришсе болот.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 178 миңге жакын майып адам болсо, алардын 29 миңи балдар. Кыргызстанда майыптарды ишке орноштуруу көйгөйлүү маселелердин бири.

31-январь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29008725.html

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*