Укук маданияты жаңы муундун көзү менен

Укук маданияты деген эмне? Укук маданияты – бул коомдун жарандардын өз ара мамилесинде, жумушта, көчөдө, ал турсун үй-бүлөдө жүрүм-турумунан көрүнгөн укукка, мыйзамдарга карата мамилеси. Укук маданияты каада-салттын, маданияттын жана, албетте, укуктук билим берүүнүн таасири менен кылымдар бою калыптанат.

Азыркы укук маданияты адилеттүүлүк, теңдик жана эркиндик принциптерине негизделип, өзү билемдик менен ээн баштыкка жол берилбей, ошол эле учурда ар бир адамда тандоо, ой жүгүртүү, пикирин эркин билдирүү, каалаган жеринде жашоо… эркиндигинин укугу бар. Жалпысынан алганда биз өзүбүздүн уникалдуу турмуш образыбызды түзүп алуу укугуна ээбиз, бирок ошол эле учурда башка адамдардын да укуктары менен эркиндиктерин тааныйбыз.

 

–          Мага кызым Гүлнурду кайта кайрып беришиңерди суранам.

–          Үйдөн чыгып кет, Гүлнур биздин кыз, мен анын чон энесимин, ал ушул жерде чоңойду, сенин ага эч кандай укугуң жок.

–          Мен анын энесимин. Менин ага укугум бар.

–          Чыгып кет, сени бул жерден көзүм көрбөсүн. Аны көрөм деп да убара болбо.

Күйөөсүнүн туугандары Гүлнурдун энесин үйдөн кууп чыгышат. Бирок убакыт өткөн соң алар келини сотко берсе кызын кайтарып берүүгө аргасыз болоорун түшүнүшөт.

 

 

Бул “Укук маданияты көчө театры аркылуу” сынагы үчүн даярдалган сахна оюнунун үзүндүсү. Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 мектептин окуучулары жергиликтүү калктын эң актуалдуу укуктук көйгөйлөрү тууралуу сахналаштырылган оюндарды даярдашкан. Алардагы окуялардын баары нагыз турмуштан алынган: алимент ала албаган жалгыз бой эненин кыйынчылыктары жана көз жашы, башка бирөөнүн жерине өзү билемдик менен курулуш куруу, уурулук боюнча айыпталып жаткан мектеп окуучусун басмырлоо, мамлекеттик органдарындагы иш билбестик жана коррупция, өтө чоң ички жана тышкы миграциядан келип чыккан ушул сыяктуу толгон-токой көйгөйлөр.

 

4

– Акмат аке, сиз эмне мага тиешелүү участокко үй куруп алдыңыз?

– Зейнеп, сен беш жыл бою кайда жүрдүң? Башымды оорутпай, каалаган башка жерге барып кур үйүңдү!

– Бул менин участогум, мен ушул жерге кургум келет үйдү.

– Сен үй кура алмак белең. Сен биринчи өзүндү карачы. Көзгө көрүнбөй жогол, мен сага сайдын боюнан участок сатып берем, тоокканаңды ошол жерге курасың.    

– Акмат аке, сиз мени эмне басмырлап жатасыз, биз кошунабыз го…

– Сендей томояк менен эч убакта кошуна болбойм. Сенин кепең менин үйүмдүн көркүн бузат.

– Эгер менин участогумду өз эркиңиз менен кайтарып бербесеңиз мен сотко берем сизди.

Зейнеп жергиликтүү бийликтерге, аксакалдар сотуна кайрылат. Бирок алардын баары Акмат аке айылдагы оокаттуу жана кадыр-барктуу адам деп эсептеп, Зейнепке үйдү башка жерге курууну сунуш кылышат. Зейнеп болсо беттегенинен кайра тартпай, участокту кайтарып берүүнү талап кылат.

 

Жаш актёрлор укуктук көйгөйлөр менен катар улуулардын башкалардын кадыр-баркын басмырлаган, аялдарды кемсинткен, жоопкерсиз өтө төмөн адеп-ахлагын абдан ачык жана чечкиндүү көрсөтө алышкан. Бардык оюндар адилеттүүлүккө, бири бирин сыйлоого, кул мүнөздөн кутулууга чакырыктар менен коштолгон. Жаш муундун азыркы коомдун кемчиликтерин чечкиндүү сындап, жакшы менен жаманды ачык айырмалап, адилетсиздикке кыңк этпей баш ийе бербей, мыйзамдуу укуктарды ишке ашыруу үчүн күрөшкө чакырып жатканы кубанаарлык иш.

Бул оюндар учурунда жаш муун улуу муундун жакшы-жаманынын баарын калтырбай кабыл ала бербеси сезилип турду. Бул муун ой жүгүртүп, талдап, керексизди ыргытып, өз максаттарына жетүүгө жардам берген баалуулуктарды гана сактап, толук кандуу, бардар жана мааниси терең жашоого умтулган муун.

Жаш актёрлордун айтуусу боюнча, көчө сахнасын даярдоодо алар айылдаштарынын учурдагы укуктук көйгөйлөрүн талдап чыгып, алардын эң актуалдууларын гана тандап алышкан. “Сценарийди даярдоо процессинин өзү эле биз үчүн жакшы тажрыйба болуп калды. Биз өтө баалуу билимдерге ээ болдук, себеби, ар бир кэйс боюнча эң оптималдуу жолдорду издедик. Айрым маселелер боюнча чечим чыгаруу мүмкүн болбоду, тараптардын адилеттүүлүгүнөн гана үмүт кылууга туура келди”, – дейт Бекиев атындагы орто мектептин окуучусу Урниса Асылбек кызы.

Сынак калктын укуктук аң-сезимин эң жөнөкөй жана жеткиликтүү ыкмалар менен жогорулатуу максатында уюшулуп, БУУнун Өнүгүү программасы менен Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүкту кеңейтүү” долбоору тарабынан колдоого алынган. Сынактын бардык катышуучулары жана жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышкан.

Калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча көчө театрларынын ушундай эле сынактары Чүй облусунун Кызыл Октябрь жана Бурана, Ош облусунун Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн мектептери арасында да уюшулган. Жаш актёрлорду башка айыл өкмөттөрүнө да ар кандай иш-чараларда, майрамдарда, конференцияларда оюн коюп берүүгө чакырышууда. Мугалимдердин жана уюштуруучулардын ою боюнча, көчө театрлары жергиликтүу калктын укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн өтө натыйжалуу курал болуп калды.

Укук маданияты аркылуу азыркы муундарга сиңирилип жаткан баалуулуктар муундан муунга өтүп келаткан мааниси терең баалуулуктарга карама-каршы келбестен, тетирисинче, аларды зарылчылыкка жараша оңдоп-түздөп, жаңы мазмун менен толуктаарын белгилеп коюшубуз керек.

Мэри Бекешова

Декабрь, 2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*