Сурдокотормочунун статусу аныкталды

Талгат Кашкаралиев, преподаватель по компьютерной грамотности лицам с нарушением слуха в СЦ “Равные возможности”

Угуу жана сүйлөө боюнча майыптыгы бар адамдарга сурдокотормочунун кызмат көрсөтүүлөрү төмөнкүлөрдө акысыз берилет:

– билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;

– тергөө аракеттерин жүргүзүүдө же жарандык, администрациялык жана жазыктык иштер боюнча сот процесстерине катышууда;

– документтерди же бүтүмдөрдү нотариаттык тариздөөдө;

– машина айдоо көндүмдөрүнө же компьютердик сабаттуулукка окутууда;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;

– мыйзамдарда каралган башка учурларда.

Сурдокоторуу кызматтарын көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мамлекет сурдокотормочуларды, сурдопедагогдорду, дефектологдорду жана логопеддерди ар жыл сайын даярдоого милдеттүү.

Телерадио берүү уюмдары мыйзамдарга ылайык жаңылыктарды берүүнү сурдокотормо же субтитрлер менен трансляциялоого милдеттүү.

Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү мыйзамдын демилгечиси ЖК депутаты Дастан Бекешев. Мыйзамды иштеп чыгууга БУУӨПтүн “КРде сот адилетттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоору колдоо көрсөткөн.

Декабрь, 2017 жыл

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*