Кочкордо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, тоголок жетим жана жарым жетим балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, Кочкордун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулуп, ага аймактардан келген 500 бөбөк катышты. Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов жаңы жылдык каалоосун айтып, белектерин тапшырды. Бул майрамдык иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева да катышып, дубан башчысынын белектерин тапшырды.
Turmush
27.12.2017
http://www.turmush.kg/news:337603/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply