Венера Сатылганова: Мурда: «Балам майып болбойт, коляскага олтурбайт», – дечүмүн. Азыр айласыз коляскага баш ийдим

nazarnews_37137927121b4bc804f0718ac8f7ca2d

Актриса Венера Сатылганова жакында Маданияттын мыкты кызматкери наамын алып эмгеги аз да болсо бааланганына кубанып турган чагы. «Тунгуч» театрында он жылдан ашык эмгектенип, эми таланты ар тараптан ачылып келе жатканда жалгыз баласынын оорусунан улам үйдө олтуруп калган актрисаны сыйлыгы менен куттуктап, аны менен маек курдук.

– Венера айым, Маданияттын мыкты кызматкери наамын алыптырсыз, бул наам сизге мурда эле берилиши керек эле…

– Бул наамды алып калышыма режиссёр Сагын Ниязалиева себепчи болду. Андыктан эжеге ыраазычылык билдирем. Эже бир жолу: «Маданияттын мыкты кызматкери наамын алдың беле?» – деп сурап калды. Жок экенин айтсам: «Сага берилиптир го», – дейт. Көрсө, Венера Сатылганова деген пианист кыз бар экен. Былтыр мага Маданият министрлигиби, айтор, бир жактан телефон чалышып: «Венера Сатылгановасызбы? Сизге сыйлык берилгени жатат. 2-3 күндөн кийин чалыңыз», – деп бир номер калтырышты. Иштебей үйдө олтурсам каяктагы сыйлык деп абдан таң калгам. Анан 2-3 күндөн кийин өзүм деле күмөн саноо менен чалсам: «Эже, кечирип коюңуз, Венера Сатылганова деген музыкант бар экен. Алмаштырып чалып алыптырбыз», – дешти. Ошондон кийин мени алган деп ойлоп алышыптыр. Анан Жаңы жылдык “ХХI кылымдын жылдыздары” концертине курбум Махабат Апешова экөөбүз дуэт ырдап катышып калдык. Негизи менин концертке катышуу тууралуу деле оюм жок болчу. Махабат: «Балам ооруп атат деп эле үйдө олтура бересиңби, сен алаксышың керек. Ыр жаздырып концертке катышабыз», – деп болбой эки жылдан бери мени катыштырып жүрөт. Быйылкы концерттен Кудай жалгап аталган наам берилип калды. Чынын айтсам, мен үчүн бул күтүлбөстүк болду.

– Чыгармачылыкта канча жыл иштедиңиз?

– 1995-жылы «Тунгуч» театрына келгем. Ага ыраматылык Мукамбет Токтобаевдин салымы зор болгон. Мукамбет агай эжем Гүлнурдун (ред: Сатылганова) кайнатасы эмес беле. Гүлнур менен жездем баш кошкондо короого аппаратура коюп куда тосконбуз. Мен кичине кызмын, индия бийин бийлечүмүн. Анан апам: «Кудаларга бийлеп бер”, – деп колуман жетелеп ортого чыгарып койду эле, бийлегем. Ошондо Мукамбет агай менен Жандат Жаманбаева көрүп кетишкен. Кийин чоңоюп шаарга келдим, Соода техникумун бүтүрдүм. Кесибим боюнча жумушка деле орноштум, бирок ишим жакпай калып кайра чыгып кеттим. Ошондо Мукамбет агайлар Гүлнурга: «Венера эмне кылып жүрөт, театрга жаштарды алып атышат, келсин», – дешиптир. Эки-үч жолу айтышты, барбай койдум. Гүлнурдун баласын карап жүрсөм Мукамбет агай келип калып катуу эле айтты. Гүлнур да: «Барып койчу, мүмкүн багың ошол жактан ачылып иштеп каларсың», – деп калды. Мен Мукамбет агайдан эптеп кутулуп коёюн деп барсам Жамал Сейдакматова, Асылбек Өзүбеков, Мурат Мамбетовдор олтурушат. Сахнага чыгарып микрофонду карматып коюшту, ырдадым, бийледим. Эптеп айткандарынан кутулдум, анан кете бер деп айтат экен десем баары эле «мага жакты» деп кабыл алышты.

– Демек, актрисалык билимиңиз жок, тубаса талантыңыз менен театрга өтүптүрсүз да?

– Ооба, билимим жок эле өткөм. Андан кийин окууга тапшырмакчы болуп, бирок жыл сайын эле окууга тапшыра турган маалда гастролго кетип калып тапшыра албай жүрдүм. Ошентип жүрүп 2007-жылы Искусство институтуна сырттан окууга тапшырдым. Бир жыл өзүм барып окуп жүрдүм. Тилекке каршы, 2008-жылы балам ооруп калды. Ошондон кийин сабакка да бара албай калдым. Кудай жалгап биздин декан Асел Турдалиева болуп калды. Эженин колдоосу менен 2012-жылы окуумду бүтүп диплом алгам.

– Жолдошуңуз Мурат Мамбетовго карата сезимиңиз театрга келгенде ойгондубу же мурда эле жактырган актёруңуз беле?

– Мурда мен деле элдер сыяктуу Композ деп эле билчүмүн. Театрга келсем Композ жүрүптүр, көрүп: «Ушул жакта иштейт турбайбы», – деп койгом. Күн сайын театрга келе жатсам эшикте турчу, мен келгенде коштоп кирчү. Көрсө, мени күтүп турчу экен да. Анан театрдын ичи менен тааныштырып, үйгө кетип жатсам аялдамага узатып, жакшы мамиле жасап мага кам көрсө Мурат мага жакын сезилип, бара-бара көнүп кеттим.

– Ошол кезде агай бойдок беле?

– Башында жубайы бар болчу. Кийин ажырашып эки жыл бойдок жүрдү. Башында “менден улуу, балдары бар, тийбейм” деп ойлочумун. Мага алгач сунуш кылганда да макул болгон эмесмин. «Мен сага баары бир үйлөнөм», – деген айтканындай болду. Апам: «Кызым, мен сени жаш балага турмушка чыгат деп ойлогом, эгер бактылуу болоруңа көзүң жетип атса, каршы тура албайм», – деп мени түшүнгөн. Учурда биздин баш кошконубузга он жети жыл болду, балабыз 16га чыгып калды. Убагында билинбейт экен, балам ооругандан кийин билдим, биз абдан бактылуу үй-бүлө болчу экенбиз. Үйүбүз жок, батирде турсак да эң бактылуу күндөр өтүптүр. Азыр деле балабыз айыгып кетсе эле бактылуунун бактылуусу болмокпуз. Бири кем дүйнө деген туура экен да, телегейи тегиз жашоо болбойт экен.

– Уулуңуздарды дарылатканы Кытайга алып барабыз деген элеңиздер, актёр Азиз Мурадиллаев да айыгып кеткенде операцияга деген акчасынан сиздерге бергенин айткан эле…

– Ооба, былтыр баламды Үрүмчүгө алып барганбыз. Ал жакка бекер эле барган экенбиз, жакшы карашкан жок. Оорусун көрүп эле: «Эч нерсе кыла албайбыз», – деп коюшту. Бирок ошончо барган соң деп ооруканада жыйырма күн жаттык. Ал жактан келсек Азиз Мурадиллаев арткан акчасын берүүгө бизди тандап алыптыр. Баламдын эсебине 6 миң доллар которгон. Азиз айыгып кетти, балабыз да айыгып кетер деп ырым кылып, акчага тийбей үстүнө кошуп Кытайдын борбору Пекинге же Германияга баралы деп жатканбыз. Бирок кээде баланын дарысына акча таппай калганда ошол акчадан алып атып аз эле калды. Мен иштебейм, Мурат эле айлыкка иштейт, ал жетпейт. Балама дары алыш керек, укалоо кылуу керек дегендей. Биринчиден, Азизге акча чогултуп берген элге рахмат. Экинчиден, балама жардам кылган Азизге рахмат айтмакмын.

– Негизи Нурданды айыктыра ала турган клиникалар барбы?

– Мен азыркыга чейин балама оорукана издөө менен алекмин. Операция жолу менен катып калган колу-бутун сындырып, кайра түздөсө болот экен. Үрүмчүдөгүлөр да келгиле дешкен, эки бутуна 30 миң доллар керек болот экен. Буту бүткөндөн кийин анан колун көрөбүз дешкен. Баламдын буту-колу дайыма ооруп турат. Андыктан күн сайын ооруну басуучу дары ичип жүрөт. Эгерде операция жасагандан кийин деле ооруй берсе, бала кыймылдай албайт да, кайра эле катып калат экен. Андыктан биринчи оорусун басуунун жолун табыш керек.

– Учурда он алты жашка чыгып калса, сизге кыйын эле болуп калса керек?

– Ооба, мурда го көтөрүп алчумун. Азыр үйдө эч ким жокто дааратканага алып баруу кыйын. Кытайдан коляска сатып келип алгам, ошол да жакшы жардам берип атат. Мурда: «Балам майып болбойт, коляскага олтурбайт», – дечүмүн. Азыр айласыз коляскага баш ийдим. Балам акылдуу бала, мээси жакшы иштейт, мугалимдер келип сабак берип турушат. Компьютерди жакшы билет. Азыр баарын даярдап, телефон берип коюп бир жакка 1-2 саатка кете алам. Бирок эненин жүрөгү чыдабайт экен да, барган жеримде олтура албай үйгө кеткенче шашам.

– Мурат агайдын имиджи өзгөрүп калыптыр го, чачын кырктыруу өзүнүн каалоосу болдубу?

– Темир Бирназаровдун тасмасына тартылмак. Ал Муратка чачын алдырып, сакал коюусун сунуштаптыр. Ошондо тасма тартылып бүткөндөн кийин кайра өстүрөм деген ой менен алдырган. Азыр айрымдар «жакшы жарашат экен, өстүрбөй эле кой» дешсе, кээси «картаң көрүнүп калат экен» дешет. Мен: «Жакшы жарашат экен», – деп атам, бирок өстүрсө ага деле макулмун. Элдин көбү эле тааныбай калып атышат. Баарынан да МАИ кызматкерлеринин тааныбай калганы жаман болуп жатат (күлүп). Чынында биринчи алдырганда мен да тааныбай калгам. Бир күнү эле тасмага даярданганы кеткен. Ал жактан сүрөткө тартып туруп Фейсбук баракчасына киргизип коюшуптур да. Мен үйдө Фейсбукту барактап атып өтүп кетиптирмин, анан тааныш адамдын сүрөтү өтүп кеткендей болуп кайра издеп таап Муратка окшоштуруп, анан балама: «Нурдан, бул атаңбы?» – десем, «ооба, атам го», – дейт. Экөөбүз көрүп күлүп атабыз.

– Жалгыз эле уулуңуз бар, дагы балалуу болууга аракет кылбадыңызбы, азыр балалуу болуунун жолдору көп го?

– Анын баары эле акча экен да. Анан да болбой калышы мүмкүн экен дегендей. Мен деле ал нерсени ойлонгом. Бирок азыр балалуу болушка ден соолугум да туура келбей калды. Учурунда балалуу болууну ойлонбой, баламды айыктырам деп жүрө берип убакытты өткөрүп жибериптирмин.

 

Динара Чокоева

Булак: “lady.kg”

22-декабрь 2017

http://www.nazarnews.kg/news/16994

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*