Майып балдар үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурулат

Бишкекте балдар үчүн президент тарабынан уюштурулган балаты. 29-декабрь, 2016-жыл.

Бишкек мэриясынан “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, Жаңы жылдык балаты Улуттук филармонияда болот. Ага 600дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылган.

Иш-чарага шаар башчысы Албек Ибраимов баш болгон жетекчилер, шаардык кеңештин төрагасы катышмакчы болуп жатат.

Жаңы жылдык балатыда балдарга концерттик программа тартууланып, андан кийин Аяз ата белектерин тапшырат.

Кыргызстанда 29 миң майып бала бар.

21-декабрь, 2017

https://www.azattyk.org/a/28930325.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*