Өгөй атасынан зордук көргөн деген кыз: «ӨГӨЙ АТАМ ЗОРДУКТАГАНДАН БЕРИ АПАМ МЕНЕН БИР ДАГЫ ЖОЛУ СҮЙЛӨШӨ ЭЛЕКМИН»

14 жашынан тарта өгөй атадан кордук көрүп келген 17 жаштагы кыздын тагдыры качан гана эне болгондо ачыкка чыгууда. Ноокат райондук соту «кылмыштын курамы аныкталбаган» деп өгөй атаны актаган. Ал эми райондук соттун чечимине макул болбогон жабырлануучу тарап облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

КЫЛМЫШТЫН КУРАМЫ АНЫКТАЛБАГАНДЫКТАН АКТАЛДЫ
2015-жылы Ноокат районундагы айылдардын биринде Б.М. аттуу адам 14 жаштагы өгөй кызын күч колдонуп зордуктаган. Зордуктаган соң өгөй ата кызга «бул тууралуу бирөө-жарымга ооз ача турган болсоң апаңды да, сени да өлтүрөм» деп коркуткан. Коркуп калган кыз туугандарынын үйүндө жашап жүргөн. Кийин өгөй ата кылмышын жашыруу максатында кызды туугандарыныкынан өз үйүнө алып келип, өзү болсо Орусияга иштегени кетип калган. Жабырлануучу кыз 16 жашында 21 жаштагы жигитке турмушка чыгып, кош бойлуу болуп калган. Андан көп өтпөй кыздын өгөй атасы тарабынан зордуктоо болгону билинип, Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери башталган. Кылмышка шектүү катары 2017-жылдын май айында Орусиядан депортацияланып келген Б.М. аттуу кыздын өгөй атасы кармалган. Бул иш боюнча Кызыл-Кыя ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда иш Ноокат райондук сотуна өткөрүлгөн. Соттук териштирүү 6 айга созулуп, ушул жылдын 23-ноябрында кылмыштын курамы аныкталбагандыктан өгөй атага карата райондук сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган. Ошондой эле ага үйүн кыздын туугандарына өткөрүп берүүгө милдеттендирилген. Бирок бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

«ӨГӨЙ АТАМ КҮЧ КОЛДОНУП ЫПЛАС ИШТЕРИН КЫЛА БЕРЧҮ»
«Өгөй атам зордук көрсөтчү» деген жабырлануучу кыз бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 7-8-класста окуп жүргөнүмдө эле өгөй атам мени өпкүлөп тийишип жүрчү. Көбүнчө үйдө эч ким жоктугунан пайдаланчу. Мен бул тууралуу апама дагы айта алган эмесмин. Себеби ал мени «апаңды, сени өлтүрүп, анан өзүм өлүп алам. Анан бул тууралуу эч ким билбей калат» деп коркутчу. Ал дайыма арам ишин мага күч колдонуу менен кылчу. Биринчи жолу абийиримди алып, зордуктаганда үйгө мас абалында келген эле. Апам жумушта болчу, бөбөктөрүм эшикте ойноп жүрүшкөн. Үйгө кирип келип эле мени кармап алып арам ишин кылды. Эстесем, мен ошондо ыйлаган боюнча дааратканага барып ич кийимим кан болуп калганын көрүп, аны жок кылып салгам. Анан таежемдердикине барып, кечке эле ыйлай бергем. Алар сураса дагы өгөй атамдын кылганын кантип түшүндүрүп беришти билбей, ыйлай бергем. Андан кийин мага кечирим сурап келип жүрүп акыры үйгө алып келди да, өзү Орусияга иштеп келүү үчүн кетип калды. Андан кийин мен Кадамжайда иштеп жүрүп, жолдошума турмушка чыктым. Жашым 18ге толо элек болгондуктан мен төрөгөн ооруканага милиция кызматкерлери да келип менден сурак алышты. Анан да төрөт учурунда кан басымым көтөрүлүп, өгөй атамды айта бериптирмин. Кийин эсиме келгенде эмнеге деп сурашканда гана болгон чындыкты милиция кызматкерлерине айтып бердим.
Мени көптөр «жалаа жаап жатат» деп да ойлошу мүмкүн. Бирок өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, ушундай ызы-чуу мага зарыл беле? Экинчиден, апамды жолдошу менен ажыраштырып, 5 бөбөгүмдү жетим калтырганым кимге керек? Эми болсо сот «далил жок» деп аны эркиндикке чыгарды. Өгөй атам мени зордуктагандан бери апам менен бир дагы жолу сүйлөшө элекмин. Кантип сүйлөшүш керек экенин да билбейм, жүрөгүм башкача боло берет. Бирок кээде атамдын кордугун көрбөй туруп, турмуш курганымда жашоо мындан дагы башкача болот беле деп ойлоно берем.

«ЭЖЕМДИН КЫЗЫ «ҮЙДҮ КӨРГҮМ ЖОК» ДЕП МЕНИКИНЕ КЕЛИП АЛГАН»
Жабырлануучу кыздын таежеси Бүжамал Шарапидинова буларга токтолду:
– Мен ал кыздын таежеси болом. Анын апасы, менин эжем 2 кызы менен 2009-жылы кызын зордуктаган ошол кишиге турмушка чыккан. Жашап жүргөн күндөрдө ал өгөй кызын өпкүлөп жүрчү экен. Анан акыры арам оюн ишке ашырыптыр да. Кызга «Эгер бул окуя боюнча апаңа айта турган болсоң биринчи сени, анан апаңды соём» деген экен. Ошондон кийин эжемдин кызы биздин үйгө качып келген. Ал мага «үйдү көргүм жок, жашагым келбейт» деген эле. Артынан өгөй атасы айыл аксакалдарын алып келип «Мен кызымды капа кылып алдым эле. Мени кечирип койчу, экинчи катуу сүйлөбөйм» деп 3 жолу келген. Анда жээним биздин айылдагы мектепте 9-класста окуп жаткан эле. Кайра-кайра келе берип акыры өгөй атасы кызды үйүнө алып кеткен. Андан мурун эжем үй салуу үчүн банктан насыя алган эле. Күйөөсү кыздын туугандары окуяны билип калбасын деген максатта «иштеп, насыяны төлөйм» деп шылтоолоп Орусияга кетип калыптыр. Ал жактан иши болбой, акыры эжемди жанына чакырып алган.

«ЖАШ КЫЗЫБЫЗДЫН ТАГДЫРЫ ТАЛКАЛАНДЫ»
– 2017-жылы июнда кызыбыз төрөп, анан өгөй атасы зордуктаганы билинди. Биз окуяны угар замат милицияга арыз жаздык. Эжемдин күйөөсү 2017-жылдын май айында Москва шаарынан депортация болуп келди. Аны кармап, тергөөдө «мас абалымдан улам ушул ишти кылып алдым» деп айткан эле. Өзү ичимдикти көп ичкен адам. Райондук сот ишти 6 айга чейин созуп, ар кандай шылтоолор менен жылдыра беришти. Ал ортодо эжемдин күйөөсү тараптан мага акча сунуштап, ар кимди ортого салып жатышты. 200 миңден баштап сунуштаган акча акыры 500 миңге чейин жетти. Жаш кыздын тагдыры талкаланбадыбы. Бизде уят, намыс деген бар. Кылды, демек, жазасын алсын. Биздин талап ушул гана. «Жаш неме дөөрүп жатат» деп ойлошуп, Оштон бери психолог, психиатрларды алып келип кызыбызды текшертишти. Бардыгында акыл-эси жайында болуп чыкты. Ушул далилдин баары болуп туруп, райондук соттун чыгарган чечимине нааразыбыз. Облустук сотко кайрылабыз, эми иштин каралышын облустук соттон күтөбүз.

Айсалкын Качкынбекова

№789 15-21-декабрь
https://www.super.kg/article/show/43197

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*