Майып балдары бар ата-энелерге берилген саан уйлар көбөйүп жатат (фото)

Сузак районунун Барпы айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар 3 үй-бүлөгө берилген саан уйлар көбөйүп жатат. Бул үй-бүлөлөргө майып балдарды коомго кошуу жана аларды сүт азыгы менен камсыздоо багытында колдоо көрсөтүлгөн болчу. Аймактык кабарчы аталган үй-бүлөлөрдөн кабар алды.

Барпы айылынын тургуну Аксанамкан Ирисованын үчүнчү баласы Жумабай 8 жылдан бери шал оорусу менен жабыркайт. Ал 4 айга чейин жакшы чоңоюп, кокустан ооруп калган.

«Уулум жакшы чоңоюп жаткан. 4 ай болгондо дене табы көтөрүлүп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жатып калды. Ооруканада 8 күн болдук. Андан кийин Ошко алып барганда дарыгерлер менингитке күмөн санашып, жүлүнүнөн суу алышты. Ошол мезгилден бери баламдын мойну токтобой калды. Ар кайсы ооруканага көрсөтүп жүрүп, жакшы жылыш болуп, учурашканды үйрөндү. Жетелесек кадам шилтейт. Уулум музыканы жакшы көрүп, көп угат. Ошондуктан аны музыка менен алаксытабыз.

Бизге берилген саан уй тууралуу айтсам, малдын пайдасы тийип жатат. Уулум айранды жана сүттөн жасалган тамак-аштарды абдан жакшы көрөт. Сүт азыктарын сатып баламдын памперсин, дары-дармегин алабыз», – деди ал.

Мындан тышкары, аталган айылда жашаган 2 үй-бүлөгө да саан уй берилген. Алардын бири Алмаз Кошокбаевдин үй-бүлөсү. Анын 8 жаштагы уулу Нурнислам баспайт жана сүйлөй алчу эмес.

«Балам апасынын жардамы менен санаганды, ырдаганды жана өз алдынча басканды үйрөндү. Уулумдун баарына баамы жетет. Ага берилген уй 4 музоого көбөйдү. Аларды өзү үчүн гана пайдаланабыз», – деди ал.

Аталган үй-бүлөлөргө мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын негизинде ишке ашырылып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго кошуу программасынын алгагында уй берилген. Буга ICCO эл аралык уюму көмөктөшкөн болчу.

Эл аралык уюмдун экономикалык-социалдык адиси Мамасалы Ташматовдун айтымында, мындай программа Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырылат. Программанын алкагында үй-бүлөлөргө саан уйлар 3 тараптуу келишимдин негизинде 3 жылдык лизинг менен берилет.

«Бул долбоордун алкагында 50 түтүнгө алардын жашоо турмушуна жардам берүү максатында саан уйлар берилген. Алгач өзүбүздүн шарттарыбызды айтып, ага макул болгондорго сөзсүз колдоо көрсөтүлөт. Саан уй алуу үчүн 50 миң сомго чейин ачка берилет. Ал каражатка үй-бүлө ээси базардан каалаган малды тандап сатып алат. Алар 3 жыл аралыгында алган акчасын кайтарып беришет. Мал да, алардын музоолору да өздөрүндө калат. Жогорудагы үй-бүлөлөрдүн бардыгы балдарына арнап алган уйларды көбөйтүп алганы кубандырат. Бир түтүн 4 музоо, 2 үй-бүлө 2 музоо алышты. Уюмга берүүчү каражаттан да жакында кутулушат. Бул кожолуктардан жыйнаган акчаны башка балдардын ата-энелерине беребиз», – деди ал.

Turmush 

18.12.2017

http://www.turmush.kg/news:337056

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*