Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул үй-бүлөнүн ички көйгөйү эмес

Үй-бүлө – өзүнчө мамлекет, ошол эле учурда үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү коомдун толук кандуу мүчөсү болуп саналат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн тарбия, билим алуу сапаты, укуктук маданиятынын деңгээли жалпысынан алганда коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө түздөн түз таасир этет.

Эмне үчүн үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүү азыркы коомдун артыкчылыгы бар милдеттеринин бири болууга тийиш?

Үмүтай Даулетова БУУӨПтүн Гендердик программасынын адиси
Үмүтай Даулетова БУУӨПтүн
Гендердик программасынын адиси

БУУӨПтүн Гендердик программасынын адиси Үмүтай Даулетованын пикири боюнча, басмырлоо, ар кандай зомбулук өкүм сүргөн үй-бүлөдө чоңойгон бала туташ зомбулуктун булагы болуп калышы мүмкүн, – “Айрым балдар табиятынан күчтүү келип, зордук-зомбулукка туруштук бериши ыктымал. Бирок туруштук бере албагандар да бар. Көнүмүш болгон зомбулук үй-бүлөнүн ичинде эле боло бербейт. Башкача айтканда, эгер адам ага көнгөн болсо, ал анын жумушуна да, көчөгө да, кайда болсо да чыгышы мүмкүн”.

2017-жылы апрелде жарандык коомдун, донор уюмдардын күч-аракети менен, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасы менен Финляндия ТИМинин “КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кенейтүү” долбоорунун колдоосу аркылуу Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргонуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Мыйзам өтө көп каршылыктарды жаратып, башкы жүйөө катары аны ишке ашыруу үчүн бюджеттин жоктугун айтышкан.

“Үй-бүлөлүк зомбулук аркылуу бир жолку киши өлтүрүүгө мамлекеттин түздөн түз чыгымы 1 миллион 636 миң сомду түзөөрүн изилдөөлөр көрсөткөн. Ал эми жалпы чыгымдар 2 миллион 800 миң сом  болгон. 2010-2016-жылдары 98 киши өлтүрүү катталган”, – дейт “Демократиялык процессин изилдөө борборунун” жетекчиси Лариса Илибезова. – “Сот департаментинин маалыматы боюнча 2015-жылы 1 732 адам үй-бүлөдө зомбулук жасаган деп таанылган, алардын 1 443ү кылмыш учурунда мас абалында болгон”.

Бул сандар мамлекет үчүн үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепеттери менен күрөшкөнгө караганда анын алдын ала турган иштерди жүргүзүү көп эсе пайдалуу экенин көрсөтөт.

“Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргонуу тууралуу” мыйзамдын жаңы жактары

Мыйзамдын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоо үчүн жооп берген атайын бөлүм түзүү; үй-бүлөдөгү зомбулуктун күнөөкөрлөрү үчүн коррекциялык программа түзүү; бүт өлкө боюнча кризистик борборлорду түзүү сыяктуу жаңылыктары бар. Мындан сырткары, коргоо ордерин берүү боюнча өзгөртүүлөр кирген.

Коррекциялык программа – үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамда гумандуу баалуулуктарды жана жүрүм-турумдун зомбулуксуз моделин калыптандырууга багытталган.

Батыш өлкөлөрүндө программа 26 жума уланат жана укук бузгандар өз жүрүм-туруму үчүн жоопкерчиликти сезип, андай жүрүм-турум менен мамиледен алыс болууга милдеттенишине  багытталган.

Үмүтай Даулетованын сөзү боюнча, тилекке каршы, биздин өлкөдө азырынча коррекциялык программаны жүргүзүүнүн тажрыйбасы жок, донор уюмдар буга жардам берет деген ойдобуз. Бул психологдорду тартуу менен ишке ашырылчу өтө пайдалуу программа. Мыйзам боюнча бул милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөн.

Идеалда кризистик борборлор болууга тийиш эмес

Өлкөдө бир катар кризистик борборлор иштеп, алар донор уюмдардын эсебинен жашоодо. Бирок алардын бүт өлкөнү камтууга мүмкүнчүлүгү жок. Ушуга карабастан статистика боюнча 2016-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы менен кризистик борборлорго 8 миң киши, укук коргоо органдарына 7 миң киши жана саламаттык сактоо органдарына 5 миң киши кайрылган.

“Идеалда кризистик борборлор болууга тийиш эмес. Алар мамлекет үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктарын толук кандуу коргоого мүмкүнчүлүгү болбогондон гана жашап жатат. Мисалы, үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу маалымат түшкөндөн кийин милиция, прокуратура, саламаттык сактоо, социалдык структуралар сыяктуу бийлик органдары биргелешип жана натыйжалуу аракет жасоого тийиш. Биз үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун ыкчам камсыз кыла албаган соң кризистик борборлорду түзүүгө аргасыз болуп жатабыз”, – дейт Үмүтай Даулетова.nasilieЭркектер алдыда

Лариса Илибезова статистикага таянып, биздин өлкөдө көпчүлүк учурда эркектер үй-бүлөдөгү зомбулуктун күнөөкөрлөрү болушаарын айтат. Эгер 2015-жылы 1732 үй-бүлөдөгү зомбулук катталса, алардын 1164үнүн күнөөкөрү күйөөлөрү болгон. Үй-бүлөдөгү зомбулукту жасоодо кийинки орун эркек уулга таандык – 290 киши, андан кийин 16 аял үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн соттолгон.

Акысы төлөнбөгөн эмгек

Кыргызстандын аялдары акы төлөнбөгөн үй жумуштарына баткан. Эгер аял күндүз иштесе, кечинде үйүнө келип андан көп иштөөгө туура келет, тамак жасаш керек, үй жыйнаш керек, кийим жууш керек, балдардын сабак окуусун караш керек. Натыйжада аялда эс алганга, уйку кандырууга, өзүн кароого убактысы калбайт. Эркектер адатта үйдө эс алышат. Ар бир адамга мындай акысыз кызматтан пайдалануу, жакшы тамак жеп, таза үйдө жашап, телевизор көрүү ыңгайлуу экени табийгый көрүнүш. Үмүтай Даулетованын пикири боюнча ушунун өзү да өзүнчө бир зомбулук болуп эсептелет.

Зомбулук зомбулукту жаратат

Акыркы мезгилде коргоо ордерин берүүнүн тартиби тууралуу маселе көп көтөрүлүүдө. Коргоо ордерин берүүнүн тартиби эки этаптан өтөт. Биринчисинде эскертилет, эгер дагы бир жолу арыз түшсө, аны үйдөн чыгарып салышат. Мыйзам боюнча күнөөкөр үйүнө 3 күндөн 6 айга чейин кайрылып келе албайт. Ушул убакыттын ичинде ал туугандарында, жороо-жолдошторунда жашап, баарын түшүнүүгө, көз карашын өзгөрүүгө тийиш. Эгер ал үйгө келип, эшикти жулка баштаса аялы участкалык милиционерге чалып, аны изоляторго каматып салат.

Бул жерде күмөн туулат – коргоо ордери үй-бүлөлөрдүн ички маселесин чечүүгө канчалык жардам берип, жубайлардын өз ара мамилесин чыңдоого канчалык таасир этет.

Үмүтай Даулетова мамлекет үй-бүлөдөгү зомбулук учурларына аралашуусу керек жана бул иш үй-бүлөнүн эле ички иши болууга тийиш эмес деп эсептейт, – “Адам коргоо ордерин алганда үй-бүлөдөгү зомбулуктун күнөөкөрү өз кылыктарын түшүнүп, анын иш-аракеттери жазасыз калбашын сезиши мүмкүн”.

Жазасыздык өз билемдикти жаратат.

Өз билемдик мыйзамсыздыкты жаратат…

Мыйзамсыздык өлкөнү кыйроого алып келет…

Мэри Бекешова

Декабрь, 2017-жыл

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*