Таласта майып адамдар үчүн полиграфия ачылды

Таласта майып адамдар үчүн биринчи жолу «Биринчи басмачылар» атындагы полиграфия ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын бири Талантбек кызы Чолпонайдын айтымында, аталган бизнес долбоор майып адамдардын башкалар сыяктуу эле иштеп, киреше табуусуна өбөлгө болуу максатында чет элдик уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул кеңседен футболка, жаздык, чыныларга жазууларды, сүрөттөрдү тарттырууга болот.

«Бул жерге 14-30 жашка чейинки адамдар келип катышса болот. Алгач 7-10 адамга чейин окутабыз. 18-декабрдан баштап 1 айлык окуулар уюштурулат. Окууда компьютерлерди колдонуу, кардарлар менен байланыш түзүү, буйрутмаларды туура алуу жана бизнес долбоорду улантууну үйрөтөбүз. Өзүбүз иштебейбиз, жөн гана жолдорун көрсөтүп турабыз. Калганын өздөрү улантып, өз алдынча ишке кирише беришет», – деди ал.

Turmush 

15.12.2017

http://www.turmush.kg/news:336970/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*