Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Жалал-Абад шаардык мэриясысынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен өткөрүлгөн иш чарага “Данакер 1”, “Данакер2” коомдук уюмдун жана мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп окуучуларынын  кийизден, жибектен жасалган ар түрдүү буюмдары, сувенирлери саттыкка коюлду.

1-Декабрь майыптар күнүнө карата бир айлык жарыяланып, бул арада ар кандай маданий иш чаралар, колдоолор болду. Жылдан жылга жергиликтүү бийлик буларга материалдык жана моралдык жардамды көрсөтүп келет. Шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымына караганда быйыл арыз менен кайрылган 21 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Учурда шаарда 18 жашка чейинки 450, 18 жаштан жогору 731 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.“Ариет” чыгармачылык борборунун кол өнөрчүлөр ийримине ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Роза Дыйканова  төрт жылдан бери катышат. Ал кийизден ар кандай сувенирлерди жасайт. Шаардык , областык сынактарга активдүү катышат. Эми майда-чүйдө эмес чоң-чоң улуттук буюмдарды да жасоону максат кылып жүрөт.

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

14 – Декабря  2017 

http://akyikat.kg/?view=news&id_news=832

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*