Мамлекет кепилдеген жардамды колдонуңуз !!!

2016-жылдын 16-декабрында  КР  Президенти Алмазбек Атамбев  “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндөгү мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирди. Бул мыйзамдын 8-беренесине  ылайык,  жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук, жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган доогерлерге , жоопкерлерге, шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет.

Ушул эле берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдык кирешени эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

1) адамдарга алгач кармалган учурларда;

2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгенде, айыпталуучуларга, соттолуучуларга;

3) 1 жана 2-топтогу майыптуулугу бар адамдарга;

4) психикалык оорудан жабыркагандарга;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;

6) жашы жете электерге – алардын кызыкчылыктарында, алардын ата-энелерине, (камкорчуларына жана камкордукка алгандарга) – балдардын кызыкчылыктарында;

7) жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;

8)  жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялаган адамдарга-балдардын укуктарын  жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;

9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

10) мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары- каратаңдарга;

11) жазык –процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.

Жогорудагы  категориялардан тышкары чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Гульмира Уметалиева, атайын “Сот адилеттигине жетүү” сайты үчүн

Декабрь, 2017-жыл

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*