Балдардын никеге туруусу адамдын укуктарын одоно бузуу болуп саналат жана жаш кыздарды билим алуудан, ден соолугунан жана жаркын келечегинен ажыратат. Турмушка чыккан жаш кыз, бул потенциалы ишке ашпай турган секелек кыз. Ата-энелер жана коомчулук дагы өз кыздары үчүн бардык жакшы нерселерди каалайт, биз биргелешип иш жүргүзүп, жаш балдардын никеге туруусун токтотуубуз керек.
Кыргызстандын аялдары башка өлкөлөргө салыштырганда өтө эрте куракта бала төрөй башташат. 15-19 курактагы 1000 аялга карата төрөлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 2-орунда турат (Азербайжандан кийин)
Даргерлердин айтымында биологиялык, психологиялык жана социалдык жактан жетилбегендиктен жаш кыздардын организми эне болууга даяр эмес, ал эми жаш эненин балдары көп көйгөйдүн кесепетинен ден соолугунун төмөн көрсөткүчү менен айырмаланат.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин мыйзамы боюнча аялдарга жана эркектерге никеге турууга 18 жаштан уруксат берилет
Эмне үчүн 18 жашка чейинки никеге турууну эрте деп айтышат?
- Эрте – анткени, мектепти аяктоо керек
- Эрте – анткени, кесипке ээ болуу керек
- Эрте – анткени, организм эне болууга даяр эмес
18 жашка чейин никеге туруу балдарга эмне алып келет?
- кыздардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч
- алардын балдарынын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч
- кыздарды билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат
- билими жок кыздар жакшы кесипке ээ болушпайт
- кыздар ар дайым күйөөсүнөн жана анын үй-бүлөсүнөн көз каранды болот
- өмүр бою кыздар аз акча табышат, демек өз балдарына билим бере алышпайт жана жакыр карылыкка туш болушат.
18 жашка чейин никеге туруу мамлекетке эмне таасир тийгизет?
- 18 жашка чейинки куракта кыздарда, адатта ден соолугу начар балдар төрөлүп, калктын генофондуна терс таасир тийгизет;
- билимсиз, жакыр үй-бүлөнүн саны көбөйөт;
- мындай үй-бүлөлөр көп учурда ажырашып кетишет, ошондуктан өлкөдө толук эмес үй-бүлөлөр көбөйөт;
- толук эмес үй-бүлөлөр мамлекеттин колдоосуна муктаж (жөлөк пулдар, жеңилдиктер), бул мамлекеттин бюджетине таасир тийгизет.
Жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү:
Мыйзам эмне дейт?
|
Маалымат БУУӨПтүн Гендердик программасынын колдоосу менен «Демократиялык
процессин изилдөө борбору» тарабынан
даярдалды
Декабрь, 2017-жыл
Leave a Reply