Акысыз юридикалык жардам алуучулардын катары кеңейтилди. Эл пикирин изилдөө

Адамдын өз укугун билбөө аны жоопкерчиликтен бошотпойт. Ошондуктан, замандын талабына жараша юридикалык жактан сабаттуу болуу, укуктары менен милдеттерин так билүү жарандардын жашоосун жеңилдетет. Андыктан, ар бир адам өзүнүн кызыкчылыгы үчүн укугун билүүгө тийиш.

Элдин аярлуу, жардамга муктаж катмарындагы майыптыгы барларга өз укугун колдонуу жана коргоо эсе оор. Мамлекет алардын укугунун корголушуна кепилдик берген менен иш жүзүндө ошол укуктардын колдонулаарына ишенген адамдар аз. Буга укуктук билимдин жокутугу, маалыматтын жетшсиздиги, элдин өзүнүн дагы документтерине жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу себеп. “КРда калктын аярлуу топторунун сот адилетүүлүгүнө жетишүү” деп аталган изилдөө боюнча майыптыгы барлар өз укугун коргоо мүмкүнчүлүгүнө эң төмөнкү баа берилген.

Изилдөөдө, өлкө боюнча өздүгүн аныктаган ID карты жок жүргөн жарандардын саны Бишкекте 2,2%ды түзсө, Ош шаарында 12,5 % жана Ош областы боюнча 3,6%га жеткен. Жарандардын эң негизги документ-паспортсуз жүрүүсүнө; туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жоголушу, ата-энелеринин паспортунун жоктугу, алардын өздүгүн аныктоочу кандайдыр бир документке ээ болбогондугу себеп болгон.

Калк арасындагы төмөнкү юридикалык сабатсыздык алардын жашоо шартын ого бетер оорлотуп, айрым учурда дал ушул маалыматы жок адамдарды шылуундар алдап, аларды кандайдыр бир административдик, жарандык жана кылмыш иштерине жоопкер кылып коюда.

Жогорудагы эле изилдөөгө таянсак, өз укуктарын билбегендиктен көп адамдар ар кандай басмырлоого, зомбулукка жана укук бузууларга туш болгондугу белгилүү болгон. Сурамжылоого катышкан 5 аялдын ичинен бирөө гана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып калса, укугун коргоо боюнча сотко кайрыларын айткан. Жаштардын 86%ы укугу бузулгандыгы тууралуу эч жакка кайрылбай турганы аныкталган. Ал эми майып адамдар арасындагы абал мындан дагы оор. Алардын 87% укук бузуулар тууралуу эч кимге даттанбай тургандыгын айтышкан. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Ошондуктан, дал ушул катмарлардын укугун коргоо боюнча мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтө баштады. Бирок, аны ишке ашырууда тоскоолдуктар бар.

Гульмира Уметалиева, атайын “Сот адилеттигине жетүү” сайты үчүн

Декабрь, 2017-жыл

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*