Жаңы-Талапта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинде кайрымдуулук акциясы өтүп, чогултулган каражат ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилди. Бул тууралуу мектептин мугалими Мээрим Кулманбетова аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, 3-декабрь — Майыптар күнүнө карата «Ден соолук өмүр булагы, дем берсин бизге бул дагы» аттуу акцияда класстык сааттар, ата-энелер менен бирге спорттук мелдештер, флешмоб өткөрүлүп, кабинеттерге жана китепканага бурч уюштурулду. Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, айыл өкмөттүн социалдык кызматкери катышты.

Мындан сырткары айыл тургундарына да акция өткөрүлдү. Анын негизинде чогулган 3 миң 324 сом акча каражаты мектеп жашындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 9 балага таратылып берилди.

Turmush 

11.12.2017

http://www.turmush.kg/news:336592

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*