Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 66 батир берилди

Бүгүн, 11-декабрда Ош шаарынын Анар кичи районундагы курулган 66 батирлүү көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычтары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземге вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун экинчи катчысы Чжан Ян, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев батир ээлерин куттуктап, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылык берилген багыты болуп келгендиги жана мындан ары да улана берээри билдирди.

“Сиздердин кабарыңыздар болсо керек мындан төрт жыл мырда Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн өз ара келишимине ылайык Ош шаарында гранттык негизде 66 батирлүү турак жай салып берүү чечилген эле. Мына бүгүн ошол үйдүн курулушу аягына чыгып, батир ээлерине ачкычтар тапшырылып жатат. Мэрия бул батирлерди турмуш-шарты оор, социалдык жактан колдоого муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген шаар тургундарына берүү чечимин кабыл алып, токтом кабыл алынып, комиссиянын чечими менен бөлүндү” ,- деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, шаар мэри бүгүнкү азем жыл сайын 3-декабрда белгиленип келе жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун Эл аралык күнүнүн алкагында өткөрүлүп жаткан «Биз биргебиз» аттуу бир айлыктын чегинде өтүп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Анар” кичи районундагы 66 батирлүү көп кабаттуу үй Кытай Эл Республикасынын каржылоосу менен курулган. 2 жана 3 бөлмөлүү батирлер атайын комиссиянын чечими менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бөлүнүп берилди. Ал эми Ош шаарында 700го жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар батир алууга кезекте турат.

Курулушка сарпталган сумма 272,1 млн сом. Курулуш иши 2012-жылдын август айында Бей Синь” Синьцзян жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча корпорациясы тарабынан башталып, 2014-жылы бүткөн.

Бишкек /Кабар/

11.12.17

http://kabar.kg/kyr/news/oshto-m-mk-nch-l-g-chektelgen-zharandarga-66-batir-berildi/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*